Акыркы макалалар

А.Темирбекова:“Санариптик телеберүүгө 100 миллион сом керектелет”

Санариптик телеберүүгө 100 миллион сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары АйнураТемирбекова билдирди.

"Жалпысынан санариптик телеберүүнү өнүктүрүүгө 100 миллион сом керектеле тургандыгы божомолдонгон. Мындан тышкары ар бир каналга 10 миллион сом берилет,-деди. А.Темирбекова.

“Бул бөлүнгөн каражаттын 11 миллион сому техникалык жабдууларды сатып алууга сарпталат. Ал эми анын 9 миллиону керектүү контентти түзүүгө сарпталат",- деп айтты ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын калкынын маалымат алуусун камсыздоо максатында токтом кабыл алынды. Ага КРнын прьемер-министри кол койду.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...