Акыркы макалалар

Жаңы китептер жентеги

«Дублёр» палван

Таланттуу жазуучу Мамат Сабыровдун жаңы китеби ушундайча аталат. Китепке автордун киносценарийлери, аңгемелери жана котормолору кирген. «Гумжардам» аттуу кино чыгармасы комедия жанрында жазылып, азыркы коомду сынга алса, «Кечир мени, Махабат» деген чыгармасы жаштар тууралуу. Турмуштун майда, билинбеген көрүнүштөрүн тема кылып алып чыгуу, адам мүнөздөрүн чагылдыруу анын жыйнакка кирген 11 аңгемесинин башка темасы. Ал Саади, Кабир, Тагор, Газали сыяктуу чыгыш ойчулдарынын учкул сөздөрүн да нарк-насилин жоготпой кыргызчага которуп, ушул китебине киргизген.

Ортобузда – ыйык жетилер

«Айат» басмасынан чыккан бул китеп улуу ырчы, обончу-композитор Рыспай Абдыкадыров тууралуу даректүү баян. Автору мурда акын катары элге белгилүү Үрүнса Маматова. Чыгарма лирикалык- романтикалык маанайда болуу менен эл уулунун элге жаккан обондорунун чыгыш тарыхы, обончунун жеке жашоосу, адамдар менен мамиле-катышы тууралуу баяндалат. Кара сөз түрүндө жазылса да көп жерлеринде лирикалык ырлар, автордун ички туйгулары поэтикалык формада берилген. Рыспай Абдыкадыровдун өмүрүн өрнөк катары берген бул китеп кийинки муундарга сабак болорлук деңгээлде жазылган.

Адабият сабагы. Адабиятты окутуу

Кыргыз адабияты мугалимдерине методикалык жардам катары жазылган бул китеп «Азыркы сабак: жаңылоонун зарылдыгы жана багыттары», «Публицистикалык чыгармаларды окутуу», «Мектеп сабак-сахналарынын сценарийлери» деген үч бөлүмдөн туруп, адабиятты окутуунун технологиялары, азыркы сабакка коюлуучу талаптар, адабиятты окутуудагы компетенттүүлүк түшүнүгү, «Кыргыз адабияты» предметинин куррикулуму жөнүндө ойлор айтылат. Ч.Айтматовдун «Ысык- Көлдүн куну жана куту», «Бизди ойготкон китептер», Б.Алымовдун «Шакиртиме кат», С.Байгазиевдин «Иниме кат», Ш.Абдырамановдун «Полот-хан» деген чыгармаларын окутуунун усулдук ыкмалары да сунуш этилет. Китептин автору – Абдыкерим Муратов.

Мектепте адабиятты интерактивдүү окутуу

Педагогика илимдеринин кандидаты Болот Оторбаевдин бул китеби кыргыз адабиятын үйрөтүүдө кластер усулу, сынчыл ойлом, оюн технологиялары, «Пазл» усулу, суроолор дарагы, башкарып окутуу, ромашка гүлү, салыштыруу диаграммасы сыяктуу интерактивдүү окутуунун каражаттарын мугалимдерге мисалдар жана сабактардын фрагменттери менен түшүндүрүп бергендиги менен пайдалуу.

Автордун тексттери схемалар, диаграммалар, сүрөттөр, таблицалар, сабактардын үлгүлөрү менен коштолот.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...