Акыркы макалалар

Кызыл-Кыяда көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болууда

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жалпы 4 көмүр сатуучу пункттары бар. Жергиликтүү көмүрдүн 1 тоннасы базарда БК сорту 6 миң сом, БОМ – 4,4 миң сомду түзөт. Шаарда 10249 кожолук жашайт, ага жалпы керектелүүчү көмүр 7200 тонна. Бүгүнкү күнгө жергиликтүү калк 76% көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу облусттук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында жалпы 13 мектеп жана 12 бала бакчалары бар. Алардын ичинен 18и көмүр менен жылытылат. Жалпысынан билим берүү тармагына керектелүүчү көмүр 965 тонна. Билим берүү тармагын көмүр-оту менен камсыз кылуу максатында тендерлер өтүп, келишимдер түзүлгөн. Анын негизинде көмүрдүн баасы 1 тоннасына БК – 5,7 миң сом, БСШ- 2,6 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө ташылган көмүр 68,7%ды түзөт.

Саламаттыкты сактоо тармагында жалпы имараттардын саны 19. Алардын ичнен 9у көмүр менен жылытылат. Керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 368 тонна. Көмүр менен камсыз кылуу максатында тендерлер өтүп, “Баткен көмүр компаниясы” ЖЧК менен келишим түзүлгөн. Анын негизинде көмүрдүн баасы 1 тоннасына БК- 6-6,5 миң сом, БСШ – 2-2,6 миң сом. Бүгүнкү күнгө 89,1% камсыз болду.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...