Акыркы макалалар

Депутат КРдин айдоочулук күбөлүгүн Орусияда да таануу маселесин көтөрдү

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Мурашев Орусиядагы мигранттардын жумушка орношуу маселесин көтөрүштү.

Депутаттын айтымында, Кыргызстандык мигранттардын көбү Орусияда айдоочу болуп иштешет жана ишке орношууда айдоочулук күбөлүк боюнча маселелер болот. "Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырма берели же биздин айдоочулук күбөлүктү ал жакта таануу боюнча орус өкмөтүнө нота жиберели. Кишилер ал жакка жакшы жашоодон улам кетип аткан жок да, ал жактан жакындарына кайта акча салып атат",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...