Акыркы макалалар

Оштогу ЖМКлардын ресурстук борборунда директордун убактылуу милдетин Бакыт Ибраимов аткарат

Оштогу ЖМКлардын ресурстук борборунда директордун убактылуу милдетин Бакыт Ибраимов аткарат

Ушул жылдын 1-октябрынан баштап Оштогу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борборуна журналист Бакыт Ибраимов директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өзү билдирген Б.Ибраимов жакында директорлук орунга ачык сынак жарыяланаарын кабарлады.

Мурда ЭлТР менен да борбор атайын келишим түзүшкөндүктөн, азыр борборду телеканалдын Оштогу имаратынын биринчи кабатына көчүрүп барышты. Буга чейин облустук китепканадан чыгарылган болчу.

Оштогу ЖМКлардын ресурстук борбору 1996-жылы ачылган. Анын биринчи директору болуп Ринат Русаинов иштеген.

Журналисттерди компьютер, интернет, телефон сыяктуу керектүү нерселер менен камсыздап келген борбордун акыркы убактагы директору Максуда Айтиева болчу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...