Акыркы макалалар

79 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилген факты боюнча кылмыш иши козголду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймагында трансформация болбогон жер аянттары жеке жарандарга турак үй куруу үчүн берилген фактылар катталган. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилиги Учар айылындагы №99 контурдагы 5 га жер аянтты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которулбаганын билип туруп, 79 атуулга ар бирине 0,05 га жер тилкелерге бөлүп, мыйзамсыз ажыратып беришкен.

Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу башкармасы тарабынан жогорудагы мыйзамсыз берилген жерлерге 4 жаранга мамлекеттик актыларды жасап беришкен.

Натыйжада мамлекетке 2 млн 475 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 20-августта Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси жана Кара-Суу мамкаттоонун жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...