Акыркы макалалар

Эмил Үмөталиев: “Адамдардын аң-сезими өскөн сайын ашыкча чыгымга жол бербей, үнөмдүү жашап калат”

Эмил Үмөталиев: “Адамдардын аң-сезими өскөн сайын ашыкча чыгымга жол бербей, үнөмдүү жашап калат”

Адамзат XXI кылымды аттап, рынок экономикасынын шартында жашап жатканыбыз менен кыргыздар той-тамаша, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка ар кандай ашкере чыгымды талап кылган мааракелер азаймак турсун, кайра күч алууда. Биз ушул жана башка суроолордун жообун табуу үчүн Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев менен маектештик.

- Эмил байке, рынок экономикасынын катаал шартында жашап жатсак да кыргыздар заманга жараша ашкере чыгымга жол бербей, үнөмдүү жашай албай жаткандыгыбыздын себебин эмнеден көрөсүз?

- Бул жагдайды үчкө бөлүп караса болот. Биринчиден, элибиздин карым-катнашында анча оптималдаштырылбаган алыш-бериштер жанданууда. Бул көрүнүштөр илгери элибизге кандайдыр-бир деңгээлде өзүнүн пайдасын тийгизген. Башкача айтканда чоң шаарлардан алыс тоодо, айылдарда жашаган адамдар бири-бирине барып-келип, соода-сатык кылып, пикир алышып турушкан. Ошентип бул рынок мамилесинин кандайдыр-бир түрү болгон. Мындай алыш-бериш мамилелер ошол кезде адамдардын турмушуна пайда келтирген. Бирок бүгүнкү андай мамиле өзүнүн функционалдык ролун жоготуп койгон кезде негедир эски жөрөлгө дале сакталып келатат. Болгондо да өтө керектүү функциясын жоготуп, бирок ашыкча чыгаша керек болсо конфликттерди, нааразычылыктарды туудурууда.

- Кечиресиз, эмне үчүн бүткүл дүйнө жүзү рынок экономикасынын талабына жараша үнөмдүү жашоого, өтүп, XXI кылымда жашап жатсак да кыргыздарда ашкере ысырапкорчулукка жол берген ушундай терс көрүнүштөр сакталып келатат?

- Баарыбызды бушайманга салган ушул маселе болуп саналат. Анткени биз Совет доорунан чыгып, ошол кездеги маянанын аздыгына, чектөөлөргө байланыштуу эркиндик болбогондуктан, алыш-бериштин кемчиликтери менен кошо пайдасы да тийген болуш керек. Ал эми бүгүнкү күндө болсо элибиз эски, социалдык инерцияга берилип, жаңы шартка көнө албай, керексиз каада-салттарды алып таштай албай жаткандыгынан улам жаралуудабы деген ой келет. Андай болсо бул өтө татаал маселе, анткени биз жаңыча жашоого көнө албай, эски адаттарыбызга жеңилип калып жатабыз. Бул жерде биз ак менен караны же керектүү менен керексиз жагдайды ылгай албай жаткандайбыз.

- Балким, алдыңкы, өнүккөн мамлекеттердин жашоо образы менен эрежесин үлгү катары кабыл алуу керектир?

- Туура айтасың. Мисалы, япондор болгон буюмдарын чогултуп, керектүүсүн калтырып, керексизин ыргытат. Кез-кезде колдоно турганын кол жете турган жерге коюп коюшуп. Учуру келгенде колдонушат. Алар каада-салтка, күнүмдүк жашоого, ал тургай саясатка да ушундай мамиле жасашкандыктан, дүйнөдө эң өнүккөн мамлекетке айланып отурат. Биз болсо ошондой жашоого көнө албай же керексиз буюмду колдонуп, ал эми керектүүсүн көтөрүп жүрөбүз.

Экинчи маселе болсо, рынок шартына ылайыкташып жашоо зарылдыгы. Бүгүнкү күндө адамдын финансылык билими канчалык өйдөлөсө, ишкерлик жөндөмү пайда болсо, ар бир чыгашаны инвестиция катары ойлонот. Мисалы, мурда түтүктөрдөн суу бекер эле агып, электр энергиясы арзан болгондуктан, ченемсиз колдонуп келсек, азыр аны үнөмдөгөндү үйрөндүк. Жөн эле үнөмдөбөстөн, сууну, жарыкты, жылуулукту жана башка энергия булактарын инвестиция катары жумшаганга өтүүдөбүз.

-Анда эмне үчүн той-топур, маркумду акыркы сапарга узатуу сыяктуу иш чараларга үнөмдүү мамиле жасай албай жатабыз?

- Тилекке каршы айрым жагдайларда жогоруда айтылгандай. Эскиче көз караш менен куру намыска алдырып же “эл катары” деген түшүнүк менен мамиле жасап жатабыз. Ал рынок аң-сезиминин дале толук жукпагандыгы. Анткени биз эч качан эл катары өнбөгөн жерге картошка тикпейбиз. Сууну жөн эле агызбайбыз же жарыкты ашыкча жакпай калдык да. Ошондуктан ар бир кыймылды, чыгашаны жана каражатты өнө турган жерге гана жумшаш керек. Ушул той-топурларга көп убакыт, эмгек жана каражат кетет. Анын баары чыгаша. Демек, анын баары кайра кайтарымы боло турган ишке жумшалышы керек эле. Эгер ошол чыгаша бак-дарак тиккенге жумшала турган болсо, ал өнүп чыгып, түшүмүн берет. Эгер үй курсак, ага көп жыл жашап, баасы да өсүшү мүмкүн. Тилекке каршы тойго жумшалган каражат ошол эле күнү жок болот. Ал тургай курсакты нык тойгозуп тамактануу ден соолукка деле пайдалуу эмес. Бир күндүк көңүл ачуу же шапар тэбүүдөн эч кандай пайда жок. Кайра көпчүлүк дүңгүрөтүп той бергендер олчойгон карызга батып калууда. Болгону тамак-аш чыгарган ишкана пайда табышы мүмкүн. Бирок ал эртеси эле жок болуп кетет. Билимге жумшалган каражат деле түбөлүк инвестиция, өмүр боюу пайдасын тийгизет.

Үчүнчүдөн, ашкере каада-салт менен чыгымдардын күч алып жатышынын себеби. Эл менен мамлекеттин мамилесине байланыштуу болууда. Көрсө, ушундай ашкере той-топур менен чыгымдар рынок мамилелери толук өнүкпөгөн жана диататуралык мамлекеттерде күч алат экен. Ал эми демократия менен рынок экономикасы толук өнүккөн өлкөлөрдө мындай ысырапчылык аз болот экен. Эмне себептен? Анткени демократиялык өлкөлөрдө коомдун элитасы болгон адамдар пара чогултууну көздөбөйт жана көп эл чогултпайт. Коррупциясы өнүккөн өлкөлөрдө кызмат абалы жогору чиновниктер байлык чогултуу максатында той же башка мааракесине көп, өзгөчө өзүнө көз каранды адамдарды чакырып, алардан белек түрүндө пара алат. Ошентип канчалык бийлиги чоң адамдын ошончолук пара чогултууга шарты болот экен.

- Ал эми ортоңку же кедей турмушта жашагандардын тоюу кандай өтөт?

- Тилекке каршы алар да куру намыска же баягы эле “эл катары” деген эски түшүнүккө алдырып той-топур өткөргүсү келишет. Бирок ортоңку катмардагылардын кызматына жараша азыраак пара же белек түшүп, кирешеси менен чыгашасы аз-маз теңдешип, акырында бирдей болуп калышы мүмкүн. Эң эле куураганы ылдыйкы катмардагы кедей эл болуп саналат. Алар деле жогоркуларды туурап, тууган-уругун, жоро-жолдошун чогултуп той өткөргөн менен эч ким көз каранды болбогондуктан, кээде чыгашасын да кайтарып ала албай калат. Ошентип пирамида сыяктуу той бергенде жогорку катмардагы кызматы барлар гана пайда көрүп, ылдыйкылар итке минип калат. Ал тургай кредитке той өткөрүп, үй-жайынан. Машинасынан ажырап калгандар да жок эмес.

- Эмил байке, мүмкүн бул жерде мамлекет тарабынан кандайдыр-бир чектөө киргизүү зарылдыр. Мисалы, быйыл Ыйык Рамазан айында Өзбекстанда мамлекет тарабынан озз ачтырууга же иптарлык өткөрүүгө тыюу салынды. Ал эми Тажикстанда той-топурда үчтөн ашык кой союуга, ЗАГСка үчтөн ашык машина чыгарууга жана 150дөн ашык конок чакырууга тыюу салынды. Балким, бизге да кошуналардын тартиби керектир?

- Тарыхта ар кандай чектөө эч качан пайда берген эмес. Эгер ушунчалык эле тоталитардык өлкө болуп, өз элин кырып кирсе, анда убактылуу пайдасы болушу мүмкүн. Ошондуктан бир гана жолу бар, авторитардык режимге кайрылып барбай, демократияны өнүктүрүшүбүз керек. Анткени демократиялуу эл жетекчилерин канчалык көзөмөлдөсө, алар пара чогултууга батына албай калат. Аз эл менен той өткөргөн жетекчилерин көргөн ортоңку жана төмөнкү катмардагылар да аларды туурап, “Алыбай алына жараша” иш кылып калат. Өткөндө кыргыз жаштары социалдык тармакта талкуулап жатышты эле “Нью-Йоркто бир миллиардер 15 адам менен бир шампан ачып, Лимузинде эки саат туулган күнүн белгиледи” деп. Ошентип байлардын жакшы жүрүш-турушу төмөнкүлөрдү түйшүктөн бошотот. Демек, эң оболу жогор жактагылардын пара чогулткан шартын жоюшубуз керек. Пара алуу качан гана толук демократия орноп, эл өз бийлигин толук көзөмөлгө алганда жок болот. Бул бир жолу.

Экинчи жолу, биз элге көбүрөөк өзүнүн мүлкүнүн эсебин алууну үйрөтүшүбүз керек. 1917-жылдан баштап Совет өлкөсү элдин мал-мүлкүн тартып алгандан баштап жеке ишкерликке болгон кызыгуусу жоголгон. Ал эми аз гана маянага иштеген элдин эсеп-кысап жүргүзүү кызыкчылыгы болгон эмес. Бүгүнкү күндө да аз акча табабы же көп кирешеси барбы, ар бир үй-бүлөдөн тартып, ишканаларга чейин “дүнүйө тапканча эсеп тап”,- демекчи, эсеп-кысап жүргүзүүгө үйрөнүш керек. Ар бир сомду чыгаша катары карабай, инвестиция катары мамиле жасаганды улуттук аң-сезим, инвестиция катары кабыл алуу зарыл. “Акча эсепти сүйөт”,- деп бекер айтылбагандай. Максатуу жумшалган акча гана кайтарымын берет.

- Сиз өзүңүз акчага кандай мамиле жасайсыз?

- Менин жеке турмушумда көп жылдардан бери ар бир сом өз максаты менен жумшалат. Суу, китеп сатып аламбы же театрга барамбы, бул инвестиция катары текшерилет. Эгер бир сомум кайра үрөн бере турган инвестиция катары коротулса гана жумшаймын. Ар бирибиз ушундай ой жүгүртүп, акчага мамилебиз өзгөргөндө же финансылык сабатуулуугубуз жоюлганда гана өнүгө алабыз. Биз көпчүлүк учурда идеология издеп, коммунизмди эңсейбиз. Бизге эч кандай идеологиянын кереги жок. Анткени идеология өтө коркунучтуу жагдай. Себеби бир иделогия монополисттик болуп. Башка ой жүгүртүүлөрдү чектеп коёт. Мисалы, фашисттик да. коммунисттик да идеялар монополияга айланып, акыры кыйрап жок болду. Болгону бизге сапатуу идеялар керек. Мына финансылык сабатуулук улуттук идеологияга айланып, аны силерге окшогон журналисттер көбүрөөк пропагандаласа, ошондо өнүгүү жолуна түшкөн болобуз. Ошондо эл өзү ойлоно баштайт, жүз адам же керектүү гана чакан өз чөйрөсүн чакырууну. Бул жерде ар ким үнөмчүлдүккө жогор жактын көрсөтмөсү менен эмес, өз аң-сезими аркылуу жете баштайт. Биз бул жерде япондордон көп нерсени үйрөнүп, эскинин баарын эле салт деп сүйрөп жүрө бербей, керектүүсүн гана ылгап алсак. Ошол эле учурда жапондорду эч ким айта албайт. Салтын сыйлабайт деп. Алар өз салтын сыйлоо боюнча бүт дүйнө жүзүнө таанылган. Бирок алар пайда бере турганын гана тандап алып, керексизин ыргытып таштагандыгы менен айырмаланат. Биз болсо керексиз салтты да сүйрөп келаткандыгыбыздын азабын тартуудабыз.

- Кыргызстанда маймыл менен банандан башка баардык байлык болгон менен дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бирибиз. Ошол эле жада калса ташы да жок боордош Түркия Европанын он өлкөсүн кошуп алганда да бай экен. Эмне үчүн байлыктын үстүндө жаткан кыргыздар кедей да, эч кандай байлыгы жок түрктөр бай?

- Кедейчилигибиздин себеби айланып келип эле эски, Советтик идеологиянын алкагынан чыга албагандыгыбыз. Түркияны мисал келтирдиңиз, алар мындан жүз жыл мурда эле Ататүрктүн багыты менен Европанын эшигин ачып, адам менен коомдун ортосундагы мамилени өздөрүнө сиңирип алышкан. Бүгүнкү түрк эли да ошол багыты менен баратат. Түрктүн алдыңкы жаштары Германияга, Америкага барып, ал жактан билим алып, кесип үйрөнүп келип, өз өлкөсүн өнүктүрүштү. Ал жакта Түрк ишкерлер федерациясын түзүшүп, көптөгөн инвестицияны тартышууда. Бүгүнкү күндө Түркиянын туризмдин меккесине айланышынын бирден-бир себеби да Европанын таасири болуп саналат. Түрктөр 1880-жылдары эле Америкадан окутуучуларды чакырып келип, балдарын окутчу экен. Демек, “Түрк кереметинин” дагы бир сыры – билимге, келечек муунга кам көргөндүгүндө. Саламаттык сактоо боюнча да 20 жыл мурда Түркияда реформа жасалып, бул тармакта атаандаштыкка шарт түзүлгөн. Андан соң азыркы биздегидей узун кезекте тургандар жоюлуп, мыкты дарыгерлерди гана тандап ала башташкан. Биз эске албай жаткан дагы бир жагдай, Түркия НАТОнун мүчөсү катары менчикти коргоого көңүл бурат. Мен индустар менен сүйлөшүп калганда алар “Биз да, силер да колония болдук, бирок биз англис тилин үйрөнүп, дүйнөлүк деңгээлге чыктык, силер ошол бойдон кала бердиңер”,- дешет. Бул биринчи жагдай. Экинчиден, алар “Биз британдардан капитализмди үйрөнсөк, силер дале капитализден чыга албай, бирөөнөн суранып жүрөсүңөр”,- дешет. Үчүнчүдөн, “Британдар таяк менен болсо да менчикти коргоого үйрөттү. Силер өзүңөрдүн да, мамлекеттин да менчигин сыйлабайсыңар. Ошондуктан кызыкчылык жок”,- дешет. Менчик корголгон жерде өнүгүү болуп, корголбогон жерде өнүкпөйт. Аны Социализмдин мисалынан билсек болот. Мисалы, азыр деле кошуна мамлекеттерде менчик корголбогондуктан, жыл сайын жүздөгөн миллиарддаган долларлар чыгып кетип жатат. Дагы бир жагдай, индустар “Силер балдарыңардын билим алуусун мамлекетке тапшырып, өзүңөр мектепке басып барбайсыңар”,- дешет. Индия өз ыктыяры менен жамаат болуп мектеп курган алдыңкы өлкө экен. Бизде болсо көп каражат жумшап, заңгыраган мектеп салган менен анда кандай билим берип жаткандыгы менен иши жок. Натыйжада мектеп рэкети, директорлордун акча чогултуусу күч алып жатат. Ата-энелер балдарынын билим алуусун жамаат менен көзөмөлгө албаганда эч качан өнүгүү болбойт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...