Акыркы макалалар

Жеңил унаанын баасы баары бир кымбаттады

Жеңил унаанын баасы баары бир кымбаттады

Кыргызстанга негизинен унааларды Европа, Япония, АКШ жана Түштүк Кореядан импорттоп келишет. 22-сентябрдан тартып чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келинген жеңил унаалардын бажы салыгы кымбаттады. Бул жергиликтүү унаа базарында баанын кымбатташы менен коштолду.

Мамлекеттик бажы кызматынан алынган маалыматка таянсак, бул бажы ченинин жогорулашынын биринчи баскычы. Ал үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрынан 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген. Жогорудагы ченемге ылайык кыймылдаткыч көлөмү 3 литрден аз болгон унаанын ар бир куб сантиметрине 10 центтен бажы салыгы, ал эми 3 литр жана андан жогору болгон унаанын кыймылдаткыч көлөмүнүн ар бир куб сантиметрине 15 центтен бажы салыгы алынат. Эсептөө учурунда унаанын чыккан жылы дагы көңүлгө алынат. Экинчи баскыч 2015-жылдын 1-январынан башталат жана беш жыл бою бажы салыгы жыл сайын жогорулоонун үстүндө болмокчу. Эреже боюнча бажы баасы унаанын кыймылдаткыч көлөмү жана чыккан жылына жараша эсептелет.

“Мисалы, буга чейин өндүрүштөн чыгарылганы 10 жыл болгон жана кыймылдаткыч көлөмү 2400 куб сантиметрлик унаанын бажы баасы 960 доллар болсо эми жаңы баага ылайык, мындай унаага 1200 доллар бажы салыгы төлөнөт деп жатышат. Бул албетте унаанын баасынын кымбатташына алып келет. Ошондуктан азыр унаа алгандар көбөйдү. Менин көз карашымда айрыкча күйүүчү майды аз колдоно турган унааларга суроо-талап жогору болуп жатат”,- дейт унаалардын документтерин даярдоо, бажыдан өткөрүү боюнча иш алып барган "Ак ниет-транс" юридикалык компаниясынын директору Нурзада Тентимишова.

“Өткөн жекшемби күнү унаа алганы базарга чыктым. Мен издеген машинелер эң аз дегенде 800 долларга баасы жогорулаптыр. Алууга мүмкүн болбоду”,- деген оюн билдирди Бишкек шаарынын тургуну Самат Бегалы уулу.

Акыры Бажы биримдигинин баасына теңелебиз

Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирүүгө камданып жаткан кез. ББга мүчө болгондон кийин Кыргызстан ташылып келинген товарлардын, анын ичинде унаалардын бажы салыктарын ББнын бирдиктүү бажы алымдарына ылайык келтириш үчүн кымбаттатууга милдеттүү. 2019-жылга карай ташылган унааларга бажы алымы Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн баасына жакындайт. Жаңы унааларга бажы салыгы аз болгону менен алардын баасы кымбат болот.

Айрым кыргызстандыктар унаанын баасы Казакстан менен Россиянын деңгээлине чейин жогоруласа, өлкөдө унаа “чөнтөгү жукалардын кыялы болуп” калышы мүмкүн деп эсептешет.

“Бажы биримдигинин өлкөлөрүндө унаа баалары Кыргызстанга салыштырганда сезилерлик жогору. Коңшу Казакстанда Япониядан алынып келинген, 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү 2,4 болгон унааны 16 700 долларга бажыдан өткөрүүгө болот. Кыргызстанда бул сумма болгону 720 доллар. Бирок Бажы биримдигинин өлкөлөрүндө Кыргызстанга караганда унааны көп сатып алаары белгилүү. Ошондой эле ал жакта унааны насыяга берген системалар дагы жакшы жолго коюлган. Кыргызстанда унаа баасын Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө теңөө калк үчүн да унаа ташуу менен иш алып барган ишкерлер үчүн дагы абдан кыйын жагдай түзөт”,- дейт КРдин республикалык унаа клубунун мүчөсү Алексей Вакин.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстандын аймагына алып өтүлгөн унаалардын саны кескин түрдө жогорулап кеткен. “Маселен, 2010-жылы Кыргызстанга 30 миң унаа киргизилсе, 2013-жылы алардын эсеби 105 миңге жеткен. Унаалардын 43 пайызын 12 жыл мурда жасалган автоунаалар түзөт. Ошондуктан, өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында, эскирген автомашиналардын ташылып киришин жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты”, - деди министр парламентте болгон талкуу маалында.

Ошол эле учурда министр Кыргызстанда унаа баасы кескин жогорулабай турганын, анткени өлкө Бажы биримдигине кирген күндө да унаа ташууга беш жылга жеңилдик алганын кошумчалады. Бирок акыркы апталардагы базар баасы көрсөтүп тургандай жеңил унааларга карата баа 700 доллардан 1000 долларга чейин кымбаттады.

Эскерте кетчү дагы бир жагдай, 22-сентябрдан унаага карата бажы тарифи кымбаттаган мыйзам ишке киришкени менен Жогорку Кеңеш өзүнүн жыйынында бул токтомду азырынча карай элек. Айрым эл өкүлдөрү бул мыйзамдын аткарылышын Бажы биримдигине киргенге чейин токтото турууну дагы сунуш кылышты.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...