Акыркы макалалар

Израилдик дарыгерлер Ошто 33 жаранга операция жасашты

Израилден келген дарыгерлер тобу Ош облустук клиникалык оорукананын көз микрохирургия бөлүмүндө 150 оорулуунун ден-соолугун текшеришкен жана 33 жаранга операция жасашкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Израиль тарап менен Кыргызстандын медицина тармагындагы кызматташтыгы көп жылдардан бери уланып келет. 6-октябрдан тарта чет элдик дарыгерлердин катышуусундагы илимий конференциялар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында уланып жатат. Ага аталган аймактардагы офтальмологдор катышууда.

Белгилей кетсек, 2012-жылы да Кыргызстанда илимий-практикалык жардам көрсөтүү үчүн келген израилдик дарыгерлер 200 оорулууну текшерип, 49 операция жасашкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...