Акыркы макалалар

Путин бүгүнкү туулган күнүн Сибирь чер-токойлорунда өткөрөт

Путин бүгүнкү туулган күнүн Сибирь чер-токойлорунда өткөрөт

Ал бүгүнкү 62 жаш туулган туулган күнүн Сибирдин чер- токойлорунда өткөрөөрүн президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Орусия президенти Владимир Путин акыркы 15 жыл ичинде алгачкы ирет эмгек өргөөсүнө чыкты. Ал бүгүнкү 62 жаш туулган туулган күнүн Сибирдин чер- токойлорунда өткөрөөрүн президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген. Бул тууралуу РИА "Новости" булагы кабарлады.

Песковдун билдиргенине караганда, өлкө башчысы бир күндүк эмгек өргөөсүнө чыгып, сибирдин эң жакын калк жашаган жеринен 300-400 километр алыстыктагы чер-токойлорунда өткөрөт. Ал эми эртең 8-октябрда Владимир Путин Сибирь федералдык округда расмий иш сапары башталат. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысынын эс алуусу тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Болгону "бул жөнөкөй гана эс алуу" деди. Ал эми Путиндин мергенчиликке же балык улоого бараары белгисиз.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...