Акыркы макалалар

Кыздарыбыз жеңиш менен кайтышты

Жакында Кыргыз Республикасынын спорт агенттигинин уюштуруусу менен республикалык стол үстүндө теннис боюнча биринчилик өткөрүлүп, Нарын шаарынан барган кыздар курама командасы байгелүү орунду багындырып келишти.

Алар өткөн жылы финалда Бишкек шаарынын оюнчуларына жеңишти тарттырып жиберишип, 2-орунду камсыздашкан. Быйыл бул биринчиликке 2 эркек, 3 кыз барып, 8 команда катышкан мелдеште балдарга бак жылмайбаганы менен кыздар командалык эсепте үчүнчү орунга жазылышты. «Жеңүүчүлөр спорт агенттигинин диплому жана медалдары менен сыйланышты»-дейт машыктыруучу Таалайбек Таранчиев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...