Акыркы макалалар

Мектеп рекетчилигине ким күнөөлүү?

Мектеп рекетчилигине ким күнөөлүү?

Кадамжай шаарындагы мектеп окуучуларынын катышуусунда мектеп рекэтчилигине байланыштуу тегерек стол болуп өттү. Анда кулачын жайып бараткан, паровоз тибиндеги мектеп рекэтчилигинин алдын алуу жолдору талкууланды. Мектеп окуучулары булар тууралуу кеңири ойлорун ортого салышып, мугалимдерге да нараазычылыгын билдиргендери болду. “Кээ бир мугалимдер окуучулардын кийимине карап мамиле жасашат” — деген окуучулар да болбой койгон жок.

Совет доорунда "мугалим" деген өтө сыйлуу кесип катары болгон болсо, бүгүнкү күндө таптакыр башкача. Окуучулардын тарбияланып өсүшүнө чоң таасирин тийгизген мугалимдер, чылым чегип, сабак учурунда же сабактан тышкары мас абалда болгону чындыгында келечек муундарга терс тарбияны берип жатканын өздөрү деле сезбесе керек. Ачуу чындык, жогорку окуу жайын бүтө элек, болгондо да сырттан окугандар, мугалим болуп иштеп жаткандар да окуучулардын билим алуусуна беделин тийгизет.

Бирок, буга толук түрдө мугалимдерди күнөөлөгөнгө болбойт. Көп жылдык педагогикалык тажрыйбасын, билимин окуучуларга арнаган мугалимдер да арабызда жок эмес. Өздөрүнүн укуктарын билген, бирок милдеттерин билбеген окуучулар көп экендиги талашсыз.

Ал гана эмес азыркы боевик кинолору да зыянын тийгизип жатат. Баш каармандын уруп-сабап, каршылаштарын жеңгени, кыска ойлуу окуучулар «Тинг», «Вандам» болуп чыга келишине шарт түзүүдө. Мектеп рекэтчилигинин учу түрмөгө барып такалаары, жана ушундай иш-чараларды ар бир мектепте өткөрүлсө деген тилектерин окуучулар айтышты.

Мени да, сени да баарыбызга билим берген мугалим, келечек муундардын жакшы тарбияланышы мугалимдерге гана тиешелүү.

"Эл жарчысы"

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...