Акыркы макалалар

Октябрдан тарта газ 12,93 сомдон сатылат

2014-жылдын 1-октябрынан тарта карапайым калк үчүн газдын 1 кубметри 12 сом 93 тыйын деп бекитилди. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана өндүрүш министрлигинин отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаментинин маалымат кызматы билдирет.

Өндүрүш ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик мекемелер үчүн баа салыкты эске албаганда 13,81 сом деп бекитилди.

Буга чейин Кыргызстанда карапайым эл үчүн газдын бир кубметри 15 сом 20 тыйындын тегерегинде болуп келген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...