Акыркы макалалар

Депутат: Кыргызстанда энергетика эң коррупциялашкан тармак

"Кыргызстанда энергетика эң коррупциялашкан тармак". Мындай пикирин бүгүн, 3-октябрда "Кабар ордого" депутат Өмүрбек Абдырахманов билдирди.

"Президент Алмазбек Атамбаев дагы Ширшовдун схемалары азыркы күнгө чейин жоюлбай жаткандыгын айткан. Ошон үчүн биринчи кезекте Шыршовдун схемаларын жоготуш керек болчу. Маселен, мамлекет электр энергиясын ортомчу компанияларга 27 тыйындан сатып, алар кайра 1,20 тыйындан башкаларга сатып жатышат. Эмне үчүн мамлекет электр энергиясын элине 70 тыйындан, ал эми ортомчу компанияларга 27 тыйындан сатып жатат? Ушул маселе боюнча бир жыйынтык чыккан жок. Биз муну Жогорку Кеңештен дагы айтып жатабыз",- деди ал.

Ошондой эле депутат, учурда электр энергиясын уурдоо күч алгандыгын айтып, өткөн жылы КСДП фракциясынын депутаттары баш болуп электр энергиясын урдоо фактысы аныкталгандыгын эске салды.

"Уурдоого карата бир дагы чара көрүлгөн жок. Электр энергиясынын таңкыстыгын жоюу үчүн ошол уурдоо маселесин жоюшубуз керек. Биздин мамлекет эмдигиче электр энергиянын өздүк баасын чыгарып бере албай жатат",- деди ал.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан тартып үч фазалуу эсептегичтерди колдонгон абонеттерге болгон тарифтин баасы 1 сом 20 тыйынга жогорулатылган. Ал эми бир фазалуу эсептегич колдонгон абонеттерге тариф 70 тыйын боюнча калтырылган. Өлкөдө бир фазалуу эсептегич колдонгон абонеттер жалпы керектөөчүлөрдүн 96%ын түзөт. Калган 4%ды түзгөн керектөөчүлөр үч фазалуу эсептегичтерди колдонгондор.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...