Акыркы макалалар

«Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду 9-октябрда Москвада башталат - Мамытов

9-12-октябрда Москвада канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КырТАГга «Кыргызалтын» ААК башчысы Токон Мамытов жума күнү маалымдады.

«Сүйлөшүүлөр эл аралык юридикалык компаниянын аянтында, эксперттик топтордун деңгээлинде Москва шаарында өтөт. Телемост уюштурулат. Centerra компаниясынын өкүлдөрү бул максатта Нью-Йорк шаарына жөнөшөт», - деди «Кыргызалтын» башчысы.

Т. Мамытовдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө бирдиктүү ишкана түзүү боюнча макулдашууну иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо пландалууда.

Эске сала кетсек, Centerra Gold Inc директорлорунун кеңеши компания жетекчилигине Кыргызстанга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салган.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...