Акыркы макалалар

Президент А.Атамбаев ЖМКны негативдүү гана маалыматтарды жарыялабоого чакырды

Мурдараак маалымдалгандай, бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында жайгашкан жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Т.Молдо атындагы мектеп-интернатында болду.

Иш сапарынын учурунда өлкө башчы журналисттерди негативдүү гана маалыматтарды жарыялабоого чакырды.

«Эгерде, эртең менен гезит же Интернет ачкан, же телеканал көргөн адам өлкөдө болуп жаткан жаман гана нерселерди көрсө... Сиздер таң эрте адамдарды кол менен урасыңар. Кээде фактыларга кароо керек. Ооба, өлкөдө оорчулук, мындай учурлар болот. Мисалы, ошол эле суунун тартыштыгы боюнча бир нерсе кылуу мүмкүн эмес. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы кыш келет. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы Кудай кээде суу ташкынын, а кээде суунун тартыштыгын берет», - деди А.Атамбаев.

Иса пайгамбардын «Адамдын көзү – бул жан дүйнөнүн көзү» деген сөзүн белгилеген А.Атамбаев, «көз таза болушу керек», деди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылган А.Атамбаев: «Кирдеген эмес таза көз менен карагыла. Айлананы карагылачы — жок дегенде коңшу өлкөлөрдү. Алыстагы Африкага, Ливияга, Ирак же Украинага кетүүнүн кереги жок, айлананы кароо керек. Биз алдыга бара жатабыз жана биз алдыга барабыз. Мен ишенем, биздин өлкө аймактагы эң күчтүү — кичине, бирок өнүккөн жана күчтүү өлкө болот. Бизде абдан күчтүү адамдар бар, эркин адамдардын өлкөсү. Бирок, жакшы багытты сактап калышыбыз керек. Адамдарды жаман жакка бурбагыла. Келгиле, муну сактап калалы», - деди.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...