Акыркы макалалар

Кызмат учурунда ок жеген Жусупбек Түштүк Кореяда дарылана баштады

Кызмат учурунда денесине ок тийип, майып болуп калган Акпаралы уулу Жусупбек Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы На-Ын ооруканасында 1-октябрда жаткырылды. Анын абалы менен бул мамлекеттеги Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов барып таанышты.

Буга чейин Акпарали уулу Жусупбектин Түштүк Кореяга барып даарылануусу боюнча кореялык врачтар менен бир нече ирет жолугушуу уюштурулуп, даарылоо жана операция кылуу маселелери талкууланган болчу. Бул тууралуу ӨКМдүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, Жусупбек 2010-жылы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында жайгашкан КРнын ӨКМнүн Өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу түштүк борборунда аскердик кызматын өтөп жаткан учурда куралдуу адамдар бастырып кирип, жүлүнүнө жана өпкөсүнө үч жеринен ок жеген. Бир нече жолу операция болуп, 1-топтогу майып болуп калган. Өз алдынча баса албай, майыптарколяскасында отурат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...