Акыркы макалалар

Азия оюндары: боксчу Турат Осмонов коло байгелүү болду

Азия оюндары: боксчу Турат Осмонов коло байгелүү болду

2-октябрда Инчхон шаарында 17-Азия оюндарынын жарым финалдык жана баш байге үчүн мелдештери дагы улантылды. Бул күнү 41 комплект байгелер ээсин тапты.

2-октябрда бокс таймаштары курч мүнөздө өттү. 49 килограмм салмакта Турат Осмонов чейрек финалда монголиялык Ган Эрдене Гангхуяг менен күч сынашып, атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Бул жеңиш Турат Осмоновдун чөнтөгүндө коло медаль бар дегенди билдирип, жарым финалда тажрыйбалуу, дасыккан чебер, казакстандык Биржан Жакыповду жеңишке жетсе, анда баш байгеге талапкердин бири болот деген ишеничте турганбыз. Адистердин пикиринде казактар бокс боюнча дүйнөгө таанылып, алдыңкы лидер өлкөлөрдүн бири экенин, былтыр Алматыда дүйнө чемпионатын жогорку деңгээлде өткөрүп, 4 мушкери дүйнө чемпиону болгонун, Тураттын атаандашы Биржан Жакыпов да Алматы шаарында дүйнө чемпиону болгон,анын чеберчилиги жогору экенин айтышып, финалга чыгуусу кыйын болоорун билдиришкен. Чынында эле Турат үчүн бул мелдеш оңойго турбады. Биржан Жакыповдун чеберчилиги жогору экенине күбө болдук.Эки раундда Турат аны менен теңата таймашты. Акыркы раундда гана Биржан артыкчылык кылып, арбын упай топтоого жетишти. Жыйынтыгында калыстар Биржандын чеберчилигин жогору баалап, аны баш байгеге талапкердин бири деп аташты. Турат үчүн бул таймашуу коло байге алууга мүмкүнчүлүк берди. 21 жаштагы Тураттын келечеги алдыда. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Быйыл Азербайжанда өткөн Эл аралык турнирде алтын медаль тагынган. Анын алгачкы устаты, бокс дүйнөсүнө жол ачкан токмоктук машыктыруучу Халдар Мукамбетжанов.

Ошентип, 17-Азия оюндарында Кыргызстандын намысын 8 мушкер коргоп, алардан чейрек финалга 6 боксчу чыккан эле. Кыргыз күйөрмандары үмүт кылып, ишенип турган Азия чемпиону Азат Усөналиев пакистандык атаандашы менен таймашуу учурунда, атаандашы чекеге сүзүп, Азаттын көзүнүн үстү канап, дарыгерлер мелдешти токтотуу сунуштап, калыстар жеңишти пакистандык мушкерге ыйгарып койгон эле. Ошентип, табында турган Азаттын жолу болбой, арманда калды. Бирок жарым финалда ошол пакистандык

жигит утулуп, финалга чыкпай калды. Чейрек финалга чыккан кыргызыстандык алты мушкерден жалгыз гана жеңил салмактагы Турат Осмонов жарым финалга чыгып, үчүнчү орунду ээледи. Бул жеңиш 12 жыл тыныгуудан кийинки бокс чеберлеринин ийгилиги болду. 2002-жылы ушул Түштүк Кореянын Пусан шааарында өткөн Азия оюндарында Таалай Кадыралиев менен Георгий Катулевский коло медаль тагынган. Доха жана Гуанджоу шаарларында өткөн Азия оюндарында кыргызстандык мушкерлер жарым финалга да чыга албай, жайдак кетишкен. Инчхон шаарындагы 17-Азия оюндары кыргыз мушкерлеринин чеберчилиги жогорулаганын, жигиттердин тажрыйбасы артып калганын адистер да айтышты.

Азия оюндары спортчуларга сабак болууда

17-Азия оюндары башталганына бүгүн 15 күн болот. 2-октябрда Инчхондо 41 комплект байге үчүн атаандашуулар болду. Бул күнү кыргызстандыктар жеңил атлетика, бокс, көркөм гимнастика, спорттун заманбап беш түрү, чыгыш өнөрү карате жана таэквондо таймаштарына катышты.

2-октябрда кыз-келиндер 42 километр марафондук жарышка катышат. Бул мелдеште Кыргызстандын намысын Юлия Андреева коргоп, марага онунчу болуп келди. Ошондой эле 5000 метрге кыз-келиндердин жарыштарына Дарья Маслова катышып, байгелүү орундарга талапкер болбой калды.

2-октябрда чыгыш өнөрү карате боюнча 17-Азия оюндарынын мелдештери өтүп,бул күнү каратенин ката ыкмасы боюнча Ванесса Таалайбек кызы сегизден бир финалда вьетнамдык Нган Нгуэн Хунг менен таймашка чыгып, жеңилүү ызасын татып калды. Ал эми эр азаматтардан 67 килограмм салмакта Бакай Дүйшеев атаандашы жапониялык Хирото Синохара каршы туралбады.

75 килограмм салмакта Ганжяли Абасов биринчи атаандашы вьетнамдык Тьянь Хо Динди жеңсе, чейрек финалга чыкмак. Бирок, анын да жолу болбоду.

Спорттун заманбап беш түрү боюнча 17-Азия оюндарынын мелдештерин айымдар командасынын беттешүүлөрү болдк. Мында Кыргызстандын кыз-келиндер командасы да катышып, алдыңкы орундарга талапкер болбой калышты.

2-октябрда Инчхондо таеквондо боюнча мелдештер улантылды.

63 килограмм салмакта сегизден бир финалда кыргызстандык Клементий Ким ооганистандык Роман Ахмад Абаси менен таймашка чыгып, жеңилүү ызасын тартып калды. Ошондой эле 68 килограмм салмакта Арген Ташановдун атаандашы таиланддык Четрапи Тангжайга туруштук бере албады.

Алдыдагы таймаштар...

Бүгүн, 3-октябрда кыргызстандык спортчулар таеквондо жана спорттун заманбап беш түрү боюнча мелдештерге катышат.

58 килограмм салмакта Алмаз Токмоматов тайпейлик Чен Фей менен күч сынашат. Ошондой эле 54 килогорамм салмакта Улукбек Мураталиев да мелдештерге катышат.

3-октябрда спорттун заманбап беш түрү боюнча таймаштарга эр-азаматтар катышат. Кыргызстандын намысын Тилек Таалайбеков, Темирлан Айтымбетов, Данияр Бактыбеков жана Никита Кузнецов коргойт. Алардын негизги атаандаштары кытайлык, жапондук, кореялык жана казакстандык спортчулар болмокчу. Бул күнү алар командалык жана жеке таймаштарга катышат.

Кытайлык спортчулар лидер

3-октябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндарында мелдештер улантылат. Учурда 17-Азия оюндарынын медалдар эсеби боюнча кытайлык спортчулар ат чабым алдыда баратат. Алар 136 алтын, 93 күмүш, 77 коло байгеси, баарын кошкондо 306 медаль утуп алуу менен алар биринчи орунда ишенимдүү келатат. Оюн ээлери кореялык спортчулар өз жеринде 64 алтын, 62 күмүш жана 69 коло байгеси менен экинчи орунда келүүдө. Алар кечээ эле 10 алтын медаль жеңип алышты. Азырынча жапондуктар дагы 43 алтын, 65 күмүш, 66 коло медаль утуп, учурда үчүнчү орунда турат. Учурда казакстандык спортчулар 20 алтын, 17 күмүш, 30 коло медаль утуп алуу менен 4-орунду ээлеп турат. Казактарды ирандык спортчулар гана бучкактап турат. Ирандыктар учурда 14 алтын, 11 күмүш, 25 коло байгенин ээлери болушту. Алар Түндүк Кореянын командасын бир тепкич ылдый сүрүп койду. Борбор Азия өлкөлөрүнөн өзбекстандык спортчулар учурда 8 алтын, 11 күмүш жана 16 коло байгеси менен 10-орунга эки тепкич өйдө жылды. Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло байгелүү болду. Учурда 45 өлкөдөн 33 мамлекеттин спортчулары гана байгелүү орундарды камсыз кыла алышты.

Күн өткөн сайын мелдештер курчуп, калыстарды айрым өлкөлөр сынга алып, спортчулар жашаган олимпиадалык айылда шарт начар, тамак-ашы бир өңчөй деп нааразы болгондор да бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...