Акыркы макалалар

Бишкекте Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата филармонияда гала-концерт өтөт

Бишкекте Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата филармонияда гала-концерт өтөт

3-октябрда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Кыргыз Улуттук филармониясынын «Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы,Филармония-таланттардын уясы!» аттуу отчеттук гала-концерти болот.Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кыргыз элинин улуу, актаңдай акыны Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата уюштурулган, филармониянын жаралгандан баштап жалпы тарыхын чагылдарган бул концерт,кыргыздын ыр-күү өнөрүнүн пайда болушунан баштап, бүгүнкү өнөр маданиятына чейин камтыды.

Концерттин башталышы улуу урпактар мурас калтырган Манас эпосу менен башталып, симфониялык, эл аспаптар оркестрлеринин коштоосуна алынып, бий менен жалпыланып сүрөттөлөт.

Концерттин андан аркы бөлүгүн улуу акын Т.Сатылгановдун чыгармачылыгы жана анын замандаштары Жеңижок, Эшмамбет, Кулуке, Коргоолдор ээлейт. Токтогулдун ролун акын Элмирбек Иманалиев, Эшмамбетти Азамат Болгонбаев, Кулукени Кылыч Бекишов, Коргоолду Амантай Кутманалиевдер, ал эми анын шакирттери Алымкулду Аалы Туткучов, Калыкты Самат Көчөрбаев, Барпынын образын Мурадил Сагыналиевдер алып чыгышты.

Мындан сырткары филармониянын жаралыш тарыхы, андагы алгачкы алп таланттар, 1939-жылкы кыргыз маданияты менен искусствосунун Москва шаарында болуп өткөн биринчи декадасы,филармониянын согуш жылдарында тылдагы, согуш майданындагы койгон концерттери(Мыскал Өмүрканованын образын К.Р.Элартисти Нуржамал Табалдиева, Асек Жумабаевдикин Мурадил Сагыналиевдер алып чыгышты), совет доорундагы кыргыз искусствосунун өнүгүп өсүшү жана бүгүнкү күндүн өнөр адамдарынын чыгармачылык жигери катары менен, сахналык чечилиште жогорку денгээлде коюлуп, ар бир болуп өткөн тарыхый кырдаалдын хроникасы экран аркылуу чагылдырылат.

Концерттин финалы СССРдин Эл артисти,Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Токтакунованы коштогон А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин, «Камбаркан» фольклордук ансамблинин, «Ак марал» Мамлекеттик бий ансамблинин аткаруусундагы, Токтогулдун «Миң кыял» аттуу күүсүн аткаруу менен аяктайт.

Концерт жалпы филармониянын чыгармачыл коллективдеринен турган, 350дөн ашык өнөрпоз таланттарынын күчү менен даярдалды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...