Акыркы макалалар

Кымбат – арзан тойкананын баалары

Кымбат – арзан тойкананын баалары

Той берүүгө камынып жаткандар азыр борбордогу тойканалардын баасы жана өзүнө кандай кызматтарды камтыганы кызык болсо керек. Бишкек шаарындагы кымбат, орточо баадагы тойкананын баалары төмөндө.

1. "Сөң-Көл" – 200 кишиге ылайыкталган. Бир кишиге 1000 сом. Буга төрт түр салат, эки закуска, эки түр тамак, кызмат акысы кирет.

2. "Тюбетейка" – чоң зал 250, кичи зал 150 кишиге ылайыкталган. 1 кишиге 1200 сом. Бул сумманын ичине – 3-4 түр салат, 2 закуска, 2 түр тамак, боорсок, нан жана кызмат кылуу акысы кирет.

3. "Мустафа" – 200-300 кишиге ылайыкталган. 1 кишиге 400 сом. Ичине үч түр салат, закускалар, эки түр тамак кирет. Кызмат акысына киши башына 10 сомдон төлөнөт.

4. "Сармерден" – Жүздөн баштап 800 кишиге чейин ылайыкталган. Залды ижарага алсаңыз киши башына 470 сом. Ресторан идиш-аяк, официанттар ошол сумманын эсебинен кызматын көрсөтөт. Калган тамак-аш баары той ээсининин эсебинен кетет. Банкет кылгыңыз келсе киши башына 900 сомдон-1400 сомго чейин. Төрт түр салат, 2 түр закуска, 2 тамак кирет.

5. "Золотой Дракон" – Эки зал бар, бири 100 кишиге, экинчиси 350 кишиге ылайыкталган. Баштапкы баасы киши башына 1500 сом, буга төрт түр закуска, үч салат, эки тамак кирет.

6. "Тагай Бий"- чоң зал 600 кишиге, кичи зал 200 кишиге ылайыкталган. Баштапкы баасы 1500 сом. Буга төрт закуска, төрт түр салат, эки тамак кирет.

7. "Ала-Тоо" рестораны – кичи зал 100, чоң зал 600 кишиге ылайыкталган. Баасы 1000 сомдон 1600 сомго чейин. Буга төрт түр салат, төрт закуска, эки тамак, боорсок, нан кирет.

8. "Дияр" – 220 киши батат. Бир кишиге 900-950 сом. Төрт түр салат, эки түр закуска, эки тамакты ушул суммага заказ кылса болот.

9. "Алтын-Казына" – 350-550 кишиге ылайыктуу эки зал бар. Баасы иш күндөрү киши башына 1300 сом, дем алыш күндөрү 1500 сом. Төрт түр салат, төрт закуска, боорсок, нан менен камсыз кылышат.

10. "Египет" -240-300 кишиге ылайыкталган. Баасы ашып кетсе 850 сом. Буга төрт түр салат, эки закуска, боорсок, нан жана башка кызматтар кирет.

Той ээлеринин эсине!

Эгерде залды кооздойм, жасалгалайм десеңиз атайын столду, үйлөнүү той болсо жубайлар отура турган жайды кооздой турган атайын агенттиктер бар. Алар менен ар бир ресторан тыгыз кызматташат. Айрым ресторандардын өзүнүн сүрөтчүсү, оператору, тамадасы бар.

Анара Дүйшөналиева

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...