Акыркы макалалар

М.Керимкулов: “Күйүүчү жана майлоочу майлардын кымбатташынын бир нече себептери бар”

Күйүүчү жана майлоочу майлардын кымбатташынын бир нече себептери бар. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Медетбек Керимкулов билдирди.

“Биринчиден, жай айларындагы баалардын кескин өзгөрүүсүнө Краснодар крайындагы“Роснефть” ишканасынын “Ачин” нефтини кайра иштетүүчү заводундагы авария эң негизги себеби болгон”,-деди М.Керимкулов.”

Ал ошондой эле бир нече заводдор оңдоо жумуштарына карата өндүрүү көлөмдөрүн кыскарткандыгы себеп экенин айтты.

“Ал эми Кыргызстанга мунайпродукт аталган заводдон ташылбаса да, июнь айында болгон авариядан кийин Россиянын ички рыногуна 600 миң тонна Күйүүчү-майлоочу майлардын ( заводдун бир айлык кубаттуулугу) жетпей, калган заводдордун өндүрүлгөн продукциянын эсебинен толукталган”,-деп билдирди М.Керимкулов.

“Экинчиден, жаз-жай мезгилинде күйүүчү жана майлоочу майды керектөөлөр жогорулап, ага карата отун бааларынын өсүүсү сезондук фактор дагы өз таасирин тийгизген”,-деди ал

Ошондой эле, ал АКШ доллар курсунун жогорулашы дагы баалардын өсүүсүнө бирден бир таасирин тийгизгендигин айтты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...