Акыркы макалалар

А.Жээнбеков:«Нарынды өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы болушу керек»

Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-октябрда,өтүп жаткан жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» түрмөгүндө эл өкүлдөрү адаттагыдай эле түрдүү маселелерди көтөрүштү. Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди жыйынтыктап жатып, айрым көйгөйлөргө учкай токтолду.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнун Улуттук стратегиясы кабыл алынганы маалым. Дал ушул маселеге кайрылган А.Жээнбеков стратегия толук аткарылышын парламент көзөмөлдөп, талап кыла аларын билдирди. «Парламент биринчи жолу Улуттук стратегияны кабыл алып бергенбиз. Ошол программаны толук кандуу аткарылышын мен дагы спикер катары, биз, парламент талап кылышыбыз керек. Ошол аркылуу гана маанилүү долбоорлор жүзөгө ашып, мамлекет алдыга жылат», - деди А.Жээнбеков.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Нарын шаарындагы жолдордун абалына Өкмөт көңүл бурбай жатканын билдирген эле. Парламент жетекчисинин айтымында, Нарын шаары келечектүү, өнүгө турган аймак. «Нарын – чоң өрөөндүн борбору, келечектүү өнүгө турган өрөөн,-деди А.Жээнбеков.

“Нарын шаары боюнча Өкмөттүн программасы болуш керек. Ошол программада жолдорго качан асфальт төшөлөрү, алдыда кандай иштер аткарыларына так жооп белгилениши абзел. Ошондо элге түшүнүктүү болот, маселе улам-улам көтөрүлбөйт. Анан Нарын шаарындагы үч негизги көчөнү асфальттай албаганыбыз уят. Мурункуга караганда унаа жолдорун капиталдык кароодон өткөрүүгө арбын каражат бөлүнүүдө, мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Үч километр, беш километр жолду асфальттоо мамлекет үчүн, Өкмөт үчүн эч нерсе эмес. Болгону системдүү түрдө иштөө зарыл. Өкмөт ушуга көңүл бургула»-деди төрага.

А.Жээнбеков кебинин соңунда депутаттар айткан көйгөйлөрдүн айрымдарына протоколдук тапшырма берилип, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде караларын жана аларга карата Өкмөт тийиштүү чара колдонушу зарылдыгын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...