Акыркы макалалар

Нарын облусунда көмүрдүн баасы кымбаттай баштады

Нарын облусунда көмүрдүн баасы кымбаттай баштады

Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагында бир тонна көмүрдүн баасы 3600 сомго бааланып, сатууга коюлуп жаткандыгын өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов облустук алкактагы жыйында билдирди.

«Негизи Кочкор районунда көмүрдүн баасы 2800 сомдон ашпаш керек. Ал эми Талаа-Булакка барып 3600 сомдон сатып жүргөн учурду кезиктирдик», - деген К.Асизов бул жерде белгиленген нарктан 1000 сомго көмүр кымбат сатыла баштагандыгын белгиледи.

«Ал жерден көмүр ташыгандар күтөт экен. Экскаваторщиктерге да беришет экен. Негизи чыгым болуудабыз дешүүдө», - деген жоопту кайтарды Кочкор районунун акиминин милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов.

«Панд-Шер» Ат-Башыга 3500 сомдон алып барып сатууда. Тез арада ар бир айылда жыйын өткөргүлө. Ошол айылда көмүр баасы канча сомдон сатылаарын эл билгендей болсун», - деген тапшырманы өкүл облустук ички иштер башкармалыгын жетекчиси Орозбек Молдосариев.район жетекчисине берди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Молдосариев, ушундай кырдаал болуп жаткан чакта, жылдагыдай рынокко шылтап, ар ким көмүр бааларын көтөрбөшү керектигин айтып, «урматтуу айыл өкмөттөр, сиздер андай унаалардын номерлерин бизге бергиле», - деп кайрылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...