Акыркы макалалар

Аксы районунда 100 жаштан ашкан 12 карыя жашайт

Аксы районунун аймагында 80ден 90 жашка чейинки 1378 карыя, 90 дон 100 жашка чейинки 145 жана 100 жаштан жогору 12 карыялар бар. 1- октябрь – Улгайган адамдардын күнүнө карата бардык айыл өкмөттөрдө салтанаттуу иш-чаралар белгиленип өтүп жатат.

Акимчиликтен алынган маалыматка караганда, 1-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын, Кербен шаардык мэриясынын жана мекеме-ишканалардын колдоосунда «Сары-Челек» ресторанына 350 улгайган адамдар чакырылып, сый тамак уюштурулду. Анда райондун акими Медет Айдаралиев жана башка жетекчилер каалоо-тилектерин айтышты, ошондой эле чоң программадагы концерт тартууланды.

Келүүгө мүмкүнчүлүгү жок карыяларга үйлөрүнө белектер таркатылып жатат. Мындай иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин улантылат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...