Акыркы макалалар

6-октябрь эс алуу күнү катары жарыяланды

Беш күндүк иш жумалыгы жана эки күндүк эс алуу күнү боюнча графикте иштеген уюм, мекеме жана ишканалар кызматкерлери үчүн жайылтылат

2014-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү катары жарыяланган. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана беш күндүк иш жумалыгы жана эки күндүк эс алуу күнү боюнча графикте иштеген уюм, мекеме жана ишканалар кызматкерлери үчүн жайылтылат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, иш күнү катары эсептелбеген майрам күнү эс алуу күндөрүнө туш келсе, эс алуу күнү майрамдан кийинки күнгө которулат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...