Акыркы макалалар

Жанарбек Кенжеевдин Азия оюндарындагы үчүнчү медалы

Жанарбек Кенжеевдин Азия оюндарындагы үчүнчү медалы

30-сентябрда Инчхон шаарында өтүп жаткан 17-Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча таймашуулары курч мүнөздө өттү. Азия оюндарында ар дайым грек-рим күрөшүнүн балбандары мөрөй алып, жалпы журтту сүйүнтүп келишкен. Бул ирет дагы тандалган балбандардан үчөө күрөшүп, 80 килограмм салмакта Азия оюндарынын эки жолку коло байге ээси, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин капитаны Жанарбек Кенжеев Инчхондо дагы үчүнчү коло медаль тагынды. Ал чейрек финалда кытайлык Вейвей Чен менен күрөшүп, аны утуп, жарым финалга чыкты.Бирок жарым финалдык таймашта Жанарбек жапониялык Цукасу Цурумаки менен күрөштө 4:2 эсебинде утулуп калды. Оңдой берди болуп, финалга чыккандыктан Жанарбек Кенжеев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Йемендик балбан Мохаммедом Хасану Алькухали Жанарбек биринчи бөлүктө эле чычканды мышык жүдөткөндөй эле шайын кетирип, 4 упай алып, көтөрүп урганда атаандашы колун баса жыгылып, колунан жаракат алып, дарыгерлер мелдешти токтотууга сунуш кылышты. Жыйынтыгында мелдеш башталгандан 1 мүнөт 45 секунда өткөндө калыстар жеңишти ыйгарды. Ошентип, жаны тынбаган Жанарбек Кенжеев Азия оюндарында үчүнчү коло байге утуп, каармандык көрсөттү. Алгачкы күнү Кыргызстандык үч балбан мелдешке катышты. 59 килограмм салмакта Азия чемпиону, 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков сегизден бир финалда йемендик Башир Ахмед Мухаммед Алямани утканы менен чейрек финалда калыстардын "жардамы" менен түштүк кореялык атаандашына алдырып коюп, мелдештен четтеп калды. 71 килограмм салмакта Эсенгелди Кожобек уулунун биринчи атаандашы ирак Таха Ясин Дахири Аль Шалихини утканы менен чейрек финалда жапониялык Фужимурадан жеңилүү ызасын тартып калды. Жапон балбаны өзбекстандык атаандашына утулуп калып, Эсенгелди Кожобек уулу коло байгеге талапкер болбой калды.

Байге алат деген дагы 4 балбан бар

Эми 1-октябрда грек-рим күрөшүнөн өлкө намысын 4 балбан коргойт. Бул күнү Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Руслан Царевдун алгачкы атаандашы ирандык Афшин Баябангард болмокчу.Чынында Руслан үчүн кыйын болчудай. 75 килограмм салмакта Самат Шырдаков өлкө намысын коргойт. Ал үчүн дагы таймашуу курч, кыйын болчудай, себеби, анын алгачкы атаандашы түштүк кореялык Хьонву Ким болгондуктан, аны артыкчылык менен гана жеңбесе, калыстар оюн ээсине тартып койчудай...

85 килограмм салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Азат Бейшебековдун биринчи атаандашы түркмөнстандык Кыяз Эсенов болмокчу.130 килограмм салмакта жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Мурат Рамоновдун биринчи атаандашы Муроджан Туйчиев болмокчу. Ушул 4 жигиттин жок дегенде экөө байгелүү орундарга ээ болсо деп үмүт кылып турабыз.

Кыргызстандык мушкер Турат Осмонов жарым финалга чыкты

30-сентябрда дагы бокс таймаштары улантылды. Мында 49 килограмм салмакта Турат Осмонов чейрек финалда монголиялык Ган Эрдене Гангхуяг менен күч сынашып, атаандашын утуп, жарым финалга чыкты. Бул жеңиш Турат Осмоновдун чөнтөгүндө коло медаль бар дегенди билдирет. Жарым финалда жеңишке жетсе анда баш байгеге талапкердин бири болот. Ал эми 56 килограмм салмакта Омурбек Малабеков да чейрек финалда кытайлык Жиавей Цанг менен рингде таймашып, калыстар жеңишти кытайлык мушкерге ыйгарып койду. Ошондой эле 64 килограмм салмакта Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов да чейрек финалда түштүк кореялык Хун Чул Лим менен атаандашып, калыстардын калыссыздык мамилесинин курмандыгы Эрмек Сакенов болуп калды. Бир эле бокс эмес эркин жана грек-рим күрөшү, дзюдо жана айрым башка спорт түрлөрүндө калыстар калыстыктан тайып, көз көрүнөө эле кореялыктарга жан тартып коюп жатканын адистер да, күйөрмандар дагы айтып, калыстарды сынга алышууда. Эгерде Эрмек Сакеновдун аракетин калыстар туура баалап, анын упайларын бергенде, жарым финалга чыгып коло байге колунда болуп, финалга чыгуу үчүн аракет кылмак эле.

Кечээ 60 килограмм салмакта Акжол Сулайманбек уулу атаандашы монголиялык мушкер Отгондалай Доржнямбуге утулуп, коло байгеден куру калды. Азия чемпиону Азат Усөналиев да 29-сентябрда жарым финалга чыгуу үчүн пакистандык Мухаммад Васеем менен рингде күч сынашты. Алгачкы секунддарда эле Азат активдүүлүгүн көрсөтүп, чабуулга өтө баштаган. Бирок, биринчи раундда эле пакистандык атаандашы Азаттын чекесин жара сүзүп, догурлар канды токтотууга мүмкүн эместигин айтып, калыстар мелдешти улантпай, жеңишти пакистандык Мухаммад Васеемге жөн эле ыйгарып койду. Бул окуя боюнча Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери Азия оюндарын уюштуруу комитетине нааразычылык кат жолдогону менен алар чиркей чаккандай да көрбөй, кайдыгер болуп койгонун өлкөбүздүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Ошондой эле 75 килограмм салмакта Азамат Каныбек уулу индиялык Кришан Викас менен рингде күч сынашып, ал дагы жеңилүү ызасын тартып калган эле. Кыргызстандык алты мушкер чейрек финалга чыкканы менен алардын бешөө калыстардын "жардамы" менен жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты. Боксчулардан жалгыз гана жеңил салмактагы Турат Осмонов жарым финалга чыкты.

Жөө күлүктөр жеңишке жетпеди

30-сентябрда 800 метр аралыкка жарыштар болуп өттү. Мында кыздардан Гүлшанай Сатарова менен Ксения Файсканова өлкө намысын коргоп, финалдык топко кошулбай калды. Эр-азаматтардын 800 метр аралыкка жарыштарына Нургазы Асанкулов менен Алмазбек Казыбаев катышты. Алар дагы жаштык кылып, мыктылардын сабына илинбей калышты.

Таэквондодон тааныла албай жатышат

30-сентябрда Инчхондо таэквондо боюнча мелдештер башталды. Бул күнү 74 килограмм салмакта кыргызстандык Акбар Айтахунов лаостук Фомафанг Самсонук менен күч сынашып, аны 11:9 эсебинде утканы менен экинчи атаандашы филиппиндик Томас Самуел Мариссонго 19:6 эсебинде жеңилип, мелдештен чыгып калды.

Алдыдагы атаандашуулар....

1- октябрда Инчхондогу 17-Азия оюндарында 46 комплект байге үчүн мелдештер улантылат. Бул күнү кыргызстандыктар грек-рим күрөшү, көркөм гимнастика , таэквондо жана кайык жарыштарына катышат. Көркөм гимнастика боюнча Фируза Сыдыкова менен Салтанат Кыязова өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Кайыктын слалом түрүнө 20 өлкөнүн спортчулары катышып, мөрөй талашат. Алардын катарында кыргызстандык Иван Снарков да бар.

Казактар 4-орунда, кыргыздар 28-орунда келатат

1- октябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндарында мелдештер улантылат. Учурда 17-Азия оюндарынын медалдар эсеби боюнча кытайлык спортчулар ат чабым алдыда баратат. Алар 127 алтын, 80 күмүш, 62 коло байгеси, баарын кошкондо 269 медаль утуп алуу менен алар биринчи орунда ишенимдүү келатат. Оюн ээлери кореялык спортчулар өз жеринде 54 алтын, 55 күмүш жана 61 коло байгеси менен экинчи орунда келүүдө. Алар кечээ эле 10 алтын медаль жеңип алышты. Азырынча жапондуктар дагы 37 алтын, 54 күмүш, 55 коло медаль утуп, учурда үчүнчү орунда турат. Учурда казакстандык спортчулар 15 алтын, 16 күмүш, 25 коло медаль утуп алуу менен 4-орунду ээлеп турат. Казактарды ирандык спортчулар гана бучкактап турат. Ирандыктар учурда 14 алтын, 11 күмүш, 25 коло байгенин ээлери болушту. Алар Түндүк Кореянын командасын бир тепкич ылдый сүрүп койду. Борбор Азия өлкөлөрүнөн өзбекстандык спортчулар учурда 6 алтын, 7 күмүш жана 14 коло байгеси менен 12-орунга бир тепкич ылдый жылып калды. Ал эми тажикстандык спортчулар 1 алтын медаль, 1 күмүш байге утуп алуу менен 22-орунда турат. Кыргызстан 2 күмүш жана 3 коло байгеси менен 45 өлкөдөн учурда 27-орунда келатат. Кечээ 27-орунда турган эле. Учурда 45 өлкөдөн 33 мамлекеттин спортчулары гана байгелүү орундарды камсыз кыла алышты.

Күн өткөн сайын мелдештер курчуп, калыстарды айрым өлкөлөр сынга алып, спортчулар жашаган олимпиадалык айылда шарт начар, тамак-ашы бир өңчөй деп нааразы болгондор да бар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...