Акыркы макалалар

А.Атамбаев:”Сиздерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз”

А.Атамбаев:”Сиздерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз”

Президент Алмазбек Атамбаев Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Ардактуу ардагерлер, улуу муундун өкүлдөрү!

Жалпы кыргызстандыктардын атынан бардыгыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу муундун турмуштук тажрыйбасы, сабырдуулугу жана кайраттуулугу аркасында бүгүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатабыз. Азыркы өлкөбүз сиздердин эмгек менен курулган. Сиздер мамлекетибиздин негизин түптөп, интеллектуалдык жана маданий көрөңгүсүн түздүңүздөр. Жаратман эмгегиңиздерге биз таазим этебиз!

Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз. Сиздерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Бул биздин ыйык милдет.

Сиздердин талыкпаган эмгек, кажыбаган кайрат, пайдалуу кеп-кеңешиңиздер биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп турат.

Бардыгыңыздар ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүргүлө. Ар дайым камкордукка, урмат-сыйга бөлөнүп жүрө бериңиздер!”.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...