Акыркы макалалар

Шаарды кооздогон түстүү фонтан

Шаарды кооздогон түстүү  фонтан

Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин шаардык жана областык бөлүмү жана жаштар кеңеши менен биргеликте 10-ноябрь – жаштар күнү, 17-ноябрь – студенттер күнүнън урматына 16-ноябрь күнү «Барпы» атындагы драма театрында майрамдык концерт өткөрүлүп, ага Билайн компаниясы жана АВЕП коомдук фонду башкы демөөрчүлөрдөн болушту. Анда шаардын мэри Бакыт Адылов жалпы жаштарга кайрылды.

Урматтуу Жаштар! Урматтуу менин досторум! Жалындаган жаштык курак өзүнчө бир доор. Ошол доор канчалык баалуу экени убагында билинип-билинбей өтүп кетет. Анын баасы тээ улгайган учурда билинери – бул турмуштун философиясы.

Урматтуу жаштар! Сиздер азыр студентсиңер, ар кандай иштерди аркалап жүрөсүңөр. Сиздер азыр коомдогу кайраттуу да, күчтүү дагы муунсуңар. Эгерде тарыхка кылчайып карасак, биздин улуу инсандарыбыз, баатыр аталарыбыз-энелерибиз дал ушул кырчындай мезгилинде Кыргызстандын жалпы эли, жери үчүн ат көтөргүс далай иштерди аткарышып, кылымдар бою сыймык ээси болуп калышкан. Ал эми биздин, учурдагы муундун алдында ошол биздин ата-энелерибиз жасаган алгылыктуу иштерин, мурастарын, осуяттарын унутта калтырбай, мындан да ары татыктуу улантып кетүү парзы турганын жоопкерчилик менен карашыбыз керек.

Урматтуу досторум! Кыргызда «Аш десе ашка, иш десе ишке тойбогон учур» деген дагы бир жакшы сөз бар. Сиздердин милдет – сапаттуу билим алуу. Биздин милдет – жумуш менен камсыз болуу. Бирок бул иштер азыр толук кандуу жүрүп жатат деп айтуу оңойго турбайт. Анткени, көптөгөн жаштарыбыз миграция агымын түзөт. Аларды толук токтотуп калбасак дагы, кандайдыр бир деңгээлде ошол агымды азайтуу механизмдери мамлекеттик деңгээлде чечилбей жатканын тана албайбыз. Мына ушундан улам демографиялык абалыбыздын сапаты төмөндөп жатканы да өкүнүчтүү. Бизде аскерге барып кызмат өтөө курагындагы жигиттерибиздин, айрыкча ата-энеси кызматтагылардын, турмуш шарты жакшы деген үй-бүлөлөрдөн чыккан уландарыбыздын өз ыктыярлары менен кызмат өтөөдөн качып жатканы дагы жакшы көрүнүш эмес. Биздин мамлекеттин армиясынын катарын толуктоону, чек арасын коргоону турмуш шарты жетишээрлик болбогон үй-бүлөдөн чыккан уландарыбызга түртө салып коюуну ар бириңиздер элестетип, ойлонуп, талдап көрүңүздөрчү.

Бирок, биздин мындай көрүнүштөгү абалыбыз дурус жагына өзгөрөт деп ишенем. Муну биз, урматтуу жаштар, Сиздер менен жакшы жагына өнүктүрүп кетсек болот. Бул үчүн сиздерде коомубуздун, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык жагынан алдыга жылдырууга толуп-ташкан эң сонун идеалар, сунуштар болушу мүмкүн. Жаш келсе ишке дегендей, келиңиздер чогуу иштейли. Жалал-Абад – жаштардын шаары деген даңазага татыктуу болуу үчүн руханий маданиятыбызды өрчүтүп, билим алууну, эмгектенүүнү, эс алууну, достукту эриш-аркак алып жүргөн мыкты сапаттарды өздөштүрөлү. А бул сапаттар менен биз чыныгы мекенчил экенибизди далилдей алган болор элек.

Баарыңыздардын бактыңыздар мол, алдыдагы келечегиңиздер кең болуп, кийинки муунга сыймык менен кала беришиңиздерди чын дилимден өзүмдүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын жамаатынын атынан каалап кетемин. Бар болуңуздар, аман болуңуздар!

Соңунда мэрия тарабынан ушул жылы спорттун ар кандай түрлөрү боюнча алдыңкы орунду багындырган татыктууларга сыйлыктар тапшырылды. Анын жалпы суммасы 82 миң сомду түзөт.

Ал эми 17-ноябрда ушул эле майрамдардын урматына шардын мэри Бакыт Адылов «Эркиндик» аянтындагы фонтандардын иштетүүгө уруксат берип, жарыгы, авазы менен атырылган фонтандарды көргөндөрдүн жарпы жазылып, шаарды кооздогон көз ирмемедерден ырахат алышты. Ал эми жаштар түн бир оокумга чейин ыр-күүлөрүн ырдап, бийлеп, майрамдын майын чыгарышты.

Зирек Асанова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...