Акыркы макалалар

«АгроПродЭкспо 2014» көргөзмөсүндө кыргызстандык жана тажикстандык агроишкерлер 1,5 млн долларлык келишимге кол коюшту

«АгроПродЭкспо 2014» көргөзмөсүндө кыргызстандык жана тажикстандык агроишкерлер 1,5 млн долларлык келишимге кол коюшту

Учурда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда өтүп жаткан 10-эл аралык «АгроПродЭкспо 2014» айыл чарба жана азык-түлүк көргөзмөсүнө катышкан тажик компаниялары бул иш чаранын жемиштүү болгондугун белгилешти. Бул тууралуу Тажикстандын Соода-өнөржай палатасынын өкүлү Мукаммол Раджаби жолугушууда билдиргендигин КРнын Соода-өнөржай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

«АгроПродЭкспо 2014» көргөзмөсүнө катышуунун алкагында кыргызстандык жана тажикстандык агробизнесмендердин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, 1,5 млн АКШ долларына жакын продукцияны алуу-сатуу боюнча келишимге кол коюлду.

Өз кезегинде КРнын Соода-өнөржай палатасынын өкүлдөрү тажикстандык ишканалардын өкүлдөрүнө бул масштабдуу көргөзмө-жармаңкеге катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын аймагында мындан ары да өткөрүлө турган башка эл аралык иш чараларга жигердүү катышууга үндөштү. Тажикстандын Соода-өнөржай палатасынын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештери менен көптөгөн жылдардан бери тыгыз кызматташып, достук мамилени чыңдап келатышкандыгына токтолушту.

Тараптар кошуна мамлекеттердин өндүрүшчүлөрү менен ишканаларынын өз ара кызматташтыгы эки өлкөнүн мамилесин жакшыртып, сатуу рыногун жана өндүрүштү алдыга жылдыра тургандыгын белгилешти.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...