Акыркы макалалар

Ноокен районундагы Шайдан айылынын тургуну Ырыс Делдешова 116 жашка чыкты

Ноокен районундагы Шайдан айылынын жашоочусу Ырыс Делдешова 116 жашка чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Ырыс эне 1898-жылы Ош облусунун Масы айылында туулган. Ал 1920-жылы Пратбай Делдешовго турмушка чыгып, экөө 6 уул-кызды тарбиялап өстүрүштү. Кылымды карыткан Ырыс эне өмүр боюу колхоз талаасында эмгектенди. Ооруктун жана эмгектин ардактуу ардагери. Балдары менен кыздары мээнеткеч чыгып, турмушта өз жолдорун табышып, бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Белгилей кетсек, 2 уулу таркторист, улуу кызы врач-дарыгер, кичүү кызы социалдык тармактын кызматкери катары үзүрлүү эмгектенишип, элге ак кызматтарын өтөп келишүүдө.

Бүгүнкү күндө 116 жаштагы Ырыс эне алты уул-кыздын, 20 неберенин жана 34 чеберинин бактылуу жана сүйүктүү чоң эне, таенеси катары карылыктын бактылуу доорун сүрүп келүүдө.

“Эли-журтубузда тынчтык, ынтымакчылык менен биримдик болсун. Эч качан каргашалуу апаат согуш болбосун. Анын азабын мен өз башымдан өткөрдүм. “Ырыс алды—ынтымак”- деп ата-бабаларыбыз бекер жеринен айтпаган. Кыргызстаныбыз гүлдөп-өсүп, ар дайым илгери карай өнүгө берсин!”,- деп кылым жашын карыткан Ырыс эне ак батасын берди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...