Акыркы макалалар

Бишкекте "Мугалимди ким жана кантип алдады!" аталышындагы тегерек стол өткөрүлүүдө

Бүгүн Бишкекте "Билим берүү мекемелеринин уюму" өнөктөштүгү жана "Самург" коомдук уюумунун демилгеси менен "Мугалимди ким жана кантип алдады!" аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Анда Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, мектеп директорлору жана башка билим жаатындагы активдүү жарандар катышууда.

Билим берүү мекемелери бирикмесинин президенти Гайша Ибрагимованын айтымында, учурда Кыргызстандагы билим берүү системасы терең депрессия жана көңүл калуу абалында. Бул система менен ата-энелер, окуучулар, мектептердин өздөрү да канааттанбай келишет.

"Мектептеги билим берүүнү жана анын каражат жагын минималдуу деңгээлде туруктуу колдоо максатында 2008-жылы Өкмөт тарабынан жыл сайын ар бир окуучуга керектелүүчү стандарттык бюджеттик коромжу жана анын негизинде мектеп тарабынан окуучулардын санына бир жылга эсептелген финансы каражатын колдоо максатында ар бир окуучунун санына карата өзгөрүү реформасы башталган. Өкмөт ар бир жылы окуучуга керектелүүчү чыгымды бекитип берген, натыйжада окуучулардын санына карата ар бир мектеп каражатын төлөйт. Бул шарт менен бюджет мектеп балдар үчүн түзүлгөндүгүн аныктайт. Мектеп үчүн балдарды окууга кызыктыруу, алардын ар бири үчүн күрөшүү, билим сапатын көтөрүү кызыкчылыктары пайда болот. Эгерде бул шарттар аткарылбаса, ата-энелердин балдарын башка мектептерге которуп кетүүгө укуктары бар",-дейт Г.Ибрагимова.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...