Акыркы макалалар

Азия оюндары: кыргыз мушкери утту

Азия оюндары: кыргыз мушкери утту

үштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндары спорттун 36 түрү боюнча курч мүнөздө өтүп жатат

26-сентябрда кыргызстандык спортчулар бокс, жаа атуу, ок атуу, гольф жана теннис боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.

Жаа атуу боюнча жеке таймаштарга кыз-келиндерден Асел Шарбекова индиялык менен жаа атып, мөрөй талашты. Бирок байгелүү орунга талапкер болгон жок. Жигиттерден жеке таймашына Кылыч Нурманбетов тайланддык жаа атуу чеберине каршы турду.

Кыргызстандык күйөрмандар күткөн бокс таймашуулары уланып, 56 килограмм салмакта Омүрбек Малабеков тайбейлик Ли Юу Че менен күч сынашып, үч раундда тең артыкчылык кылуу менен 3:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Бүгүн кечинде 60 килограмм салмакта Акжол Сулайманбек уулунун атаандашы филиппиндик Ровайда Эрун Алааеддин менен беттешет. Ошондой эле 91 килограмм салмакта Сергей Паренко рингде казакстандык Антон Писук менен кечинде беттешет.

26-сентябрда ок атуу мелдешине кыргызстандык Сабина Крупнова 50 метрге мылтык атууда жатып, туруп, тизелеп атууга Азиядан тандалган 60 мерген менен мелдешип, алдыңкы сапка кошулбай калды.

Теннис боюнча да мелдештер улантылып, жеке таймашта Данияр Дулдаев жапониялык Юучи Сугита менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...