Акыркы макалалар

Жумгалда дарыгерлер сурап жаткан ээн жаткан имаратты райондук архитектура пайдаланууга жараксыз деп тапкан

Жумгалда дарыгерлер сурап жаткан ээн жаткан имаратты райондук архитектура пайдаланууга жараксыз деп тапкан

Мындай маалыматты, 22-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Анара Алапаева билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка карасак, Жумгал райондук аймактык ооруканасынын айрым дарыгерлеринин кайрылуусунда оорукананын аймагында ээн жаткан имаратты турак-жайлары жок дарыгерлерге берилиши талап кылынган. Ошондой эле жаңы депозит менен келген 2 жаш дарыгерлерге турак-жай маселесин карап берүү жагы жана аларга шарт түзүп берүү боюнча атайын кайрылуулар жергиликтүү бийликке, оорукананын жетекчилигине тапшырылган.

Бул боюнча А.Алапаева бул имарат пайдаланууга жараксыз экендигин, мындай корутундуну райондук архитектура чыгарганын жана мыйзамда каралган жоболорго ылайык бир дагы саламаттык сактоо тармагына тиешелүү имараттар менчикке же колдонууга берилбей турганын баса белгиледи.

«Бизге азырынча депозит менен келген 2 жаш кадр турак-жай маселеси боюнча кайрылыша элек. Ал эми оорукананын аймагында ээн жаткан медицина тармагынын имараты кооптуу делип, райондук архитектура тарабынан корутунду чыгарылган. Ал имаратты жакын арада жараксыз деп чыгаруубуз керек. Ошондой эле өкмөттүн токтому чыккан, ар бир саламаттык сактоо тармагындагы имараттар жана пункттар менчикке же колдонууга берилбесин деген. Биз азырынча бул маселени чече албайбыз, бирок турак-жайлары жок айрым дарыгерлер бар», — деди А.Алапаева.

Белгилей кетсек, буга чейин Жумгал райондук аймактык ооруканасынын айрым дарыгерлери оорукананын аймагында бош жаткан имараттарды турак-жай катары колдонууга сунуш келтиришкен.

Түп нускага шилтеме : www.jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...