Акыркы макалалар

Ошто баңгизат катылган жашыруун жер табылды

Ош облусунун аймагында "Ураган" операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Классик" мейманканасынын короосун текшерүүдө 392 грамм салмакты түзгөн баңгизат катылган атайын жашыруун жер табылган. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда бул баңгизаттарды катууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш- аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 24- сентябрдан бери ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын иш планы аткарылууда. Анда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана лидерлерин аныктоо, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо, ок куралдарды жана баңги заттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо максатында "Ураган" аталыштагы операциясы башталган.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...