Акыркы макалалар

Кыргызстанда кош бойлуулуктун 70 пайызы бойдон алдыруу менен аяктайт

Кыргызстанда кош бойлуулуктун 70 пайызы бойдон алдыруу менен аяктайт

Аборт Кыргызстанда төрөттү көзөмөлдөөнүн эң кеңири жайылган формасы болуп бара жатат

Кыргызстанда дайыма эле ачык талкууга алынбаган тема тууралуу айтып жатып саламаттык сактоо министринин орун басары төрөттү көзөмөлдөөнүн эң кеңири жайылган формасы бойдон алдыруу экенин жана анын саны өсүп жатканын билдирди.

Советтер Союзунун маалында 1955-жылдан кийин бойдон алдыруу мыйзамдуу жана эркин болуп калган, ал кезде төрөлүүгө көзөмөл жүргүзүш абдан кыйын болчу. (Бир изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, 1988-жылы Советтер Союзунда 6 миллионго жакын аборт жасалган). Азыркы күндө чегара ачык, ал эми дары-дармек базары түрдүү дарыларга толгон. Бирок мунун баарына карабай, билимдин жоктугу жана талапка ылайык болбогон медициналык тейлөө клиникаларда дагы эле мыйзамдуу болуп эсептелген бойдон алдырууну үй-бүлөнү пландоонун эң таанымал ыкмасы катары калтырууда.

Толук статистикалык маалымат жоктугуна карабай, эксперттер көрсөткүчтөр кыйла жогору экенинен күмөн санашпайт. «Айрым маалыматтарга таянсак, орточо алганда Кыргызстанда 22 жаш курагындагы аял бир жолу боюнан алдырган болушу ыктымал. 30,7 жаш курагында 2 жолу бойдон алдыруу туш келет. 36 жашка карай – үч» деп айтылат 2009-2010-жылдар үчүн жазылган ПРООНдун адам өнүгүүсү боюнча баяндамасында.

«Мен өлкөдөгү аборттордун саны эсептелгенден көп деп айтат элем. Бойдон алдыруунун көбү жеке менчик клиникаларда каттоосу жок жасалат», - дейт Бишкектеги БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун өкүлүнүн жардамчысы доктор Медер Өмүрзаков. Профессордун айтымында, өлкөдө кош бойлуулуктун 70 пайыз учуру бойдон алдыруу менен аяктайт.

Медициналык тейлөөнүн сапаты СССР кулагандан кийин төмөндөгөнүн эске алганда, бул процедура коркунучтуураак дагы болуп жатат. «Кыргызстанда коопсуз бойдон алдыруу дарыгерлердин арасында билимдин жана жөндөмдүн аздыгынан улам чектелүүдө. Ошондой эле процедураларды коопсуз кылыш үчүн клиникалык протоколдор да жок», - дейт Өмүрзаков. «Биз аялдар төрөттү жөнгө салыш үчүн дагы эле бойдон алдырууну пайдаланып жатканына тынчсыздануудабыз».

Быйыл Ачык коом институтунун жаштар демилгеси тарабынан жарыяланган иликтөөдө кыргыз жаштары үчүн репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалымат алуу кыйынга туураары, ал эми каалабаган кош бойлуулук менен жыныстык жолдор менен жугуучу оорулар көп кездеше турган жана көбөйүп бара жаткан көрүнүш экендиги айтылган.

«Маалымат жана медициналык тейленүүдөгү тоскоолдуктар - стреотиптер, моралдык сын-пикирлер менен болбогон нерселерге ишенүү. Ырым-жырымга ишенүү ал тургай медицина кызматкерлеринин арасында да кездешет: даниялык гуманитардык уюм тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы 50 пайыз дарыгерлер менен медайымдар «ВИЧ/СПИД менен жабыркагандарды Кудай жазалап жатат» деп эсептээрин көрсөткөн».

«БУУнун калкты жайгаштыруу фонду «мугалимдер менен ата-энелер тараптын каршылыгына кабылуу менен» Кыргызстанда репродуктивдүү саламаттык жана секс тармагында билим берүү кажет деп белгилеп келет» деп айтылат Жаштар демилгесинин баяндамасында.

«Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар менен мектеп программаларын өзгөртүү жаштардын дарылануу боюнча маалымат алышына караганда азыраак ишке ашып жатат».

Мындай шарттарда бойдон алдыруу көбөйүп жатканы таң калыштуу эмес.

«Eurasianet», 24-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...