Акыркы макалалар

Ак-Талаада «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» кайрымдуулук акциясы жарыяланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2014-жылдын октябрь айында «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» деген аталыштагы кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланып, иш-пландары бекитилди. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматта белгиленген иш-планда, улгайган, жардамга муктаж адамдарга жеринен акысыз медициналык кызмат көрсөтүү, кайрымдуулук ирээтинде түштөнүүлөрдү жана концерт уюштуруу, 80 жаштан жогорку кары адамдарга майрамдык белектерди тапшыруу, мектеп окуучулар арасында «Менин чоң атам, менин чоң апам жөнүндө эмнени билем» деген темада дилбаян жазуу, бала-бакчаларда мектептерде орто окуу жайларда эмгеги даңкталган улгайган адамдар менен жолугушууларды уюштуру болгон.

Ошондой эле ар кыл багыттагы кечелерди өткөрүп, китепканаларда бурчтарды уюштуруу, улгайган ден-соолугу начар, жардамга муктаж адамдарга кыш мезгилине даярдык көрүү жана үй чарбачылыгына жардам көрсөтүү жана башкалар тийиштүү мекемелерге, айыл өкмөттөргө тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...