Акыркы макалалар

"Кыргызалтын" "Кумтөр" боюнча келишим долбоорун октябрда кароого алып чыгат

Октябрь айынын ичинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Кумтөрдү" реструктизациялоо боюнча келишим долбоорун өкмөттүн кароосуна алып келүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу 24-сентябрда "ВБ"га аталган ишкананын башкаруу төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин Канаданын Centerra Gold Inc. алтын казып алуучу компаниясы Кыргызстан тарапка "Кумтөрдү" реструктизациялоо боюнча өзүнүн келишим пакетинин вариантын сунуштаган.

"Бүгүнкү күндө биз дагы "Кумтөр" биргелешкен ишканасы боюнча өзүбүздүн келишимибиздин вариантын иштеп чыгып жатабыз. Октябрдын башында Москвада "Кыргызалтындын" юридикалык кеңешчиси болгон - DLA Piper UK компаниясынын мекемесинде келишимдин юридикалык тараптарын талкуулайбыз. Зарыл болсо телеконференциянын жардамы менен Нью-Йорктогу Centerra компаниясынын юристтерине байланышка чыгабыз. Негизинде биргелешкен ишкана түзүүнүн корпоративдик башкаруу түзүмү боюнча талаштар бар. Канада тарап кеңеште азыраак сандагы мүчөлөрдүн болушун сунуштап жатат, биз болсо көп болушун талап кылуудабыз. Анткени кеңешке ар түрдүү профилдеги өкүлдөр- каржычылар, экологдор, тоо кенчилер кириши керек. Ошондой эле директорлор кеңешинин эсеби боюнча талаш бар, биздин мыйзам боюнча эки тараптан тең мүчөлөр болуш керек. Биз кеңеште бир мүчө көз карандысыз болсун деп сунуштап жатабыз",-деп тактады Шакиров.

Ал ошондой эле келишим долбоорун иштеп чыгуу абдан татаал процесс экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш "Кумтөр" биргелешкен ишканасын түзүү боюнча меморандумду колдогон. Ага ылайык Кыргызстан Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен биргеликте 50 жана 50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзмөкчү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...