Акыркы макалалар

Британ ханышасы Елизавета II 50 жылдан бери окшош бут кийим киет

Британ ханышасы Елизавета II 50 жылдан бери окшош бут кийим киет

Британ ханышасы Елизавета Экинчи 50 жылдан бери окшош бут кийим киет. Бул тууралуу sozcu.com.tr булагы жазууда.

Маалыматка ылайык, модельер Стюард Парвин акыркы 11 жылдан бери ханышанын гардеробу менен алектенип келет. Анын айтуусу боюнча ханышанын туфлиси Anello & Davide бут кийим устаканасынын чеберлери тарабынан атайын колго тигилет. Бир жуп нукура териден тигилген туфлинин баасы миң фунт стерлинг. Бут кийимдин такасы 6,5 сантиметр. Ал ар дайым ханыша Елизаветанын тандоосу бойдон калган. Daily Mail басылмасына маек курган модельер Стюард Парвин "Ханышанын бут кийими эң биринчиден ыңгайлуу болушу керек. Ошондуктан жаңы тигилген 37 өлчөмдөгү бут кийимди Букингем сарайындагы кызматкерлер кийип, калыбына келгенден кийин гана ханыша киет. Ханышанын бут кийимдери бир гана формада болуп, күрөң, саргылтым, ак жана кара түстө тигилет. Ар бири 1000 фунт стерлингден турат. Бул кийилген бут кийимдерди ыргытат дегендикке жатпайт. Кээде ханыша бут кийимин ондотуп киет", - деди атактуу модельер.

Лондондогу Anello & Davide бут кийим устаканасы 1922-жылы ачылган. Бут кийим устасы Дэвид Хаяттын айтымында, ханыша жылына бир же эки жуп бут кийим тиктирет. Кээде такасын же таманын эле алмыштырып коет. Ханыша ашыкча акча чачканды жаман көрөөрүн дагы кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...