Акыркы макалалар

Казакстандын жетекчилиги оппозицияны экстремизм боюнча күнөөлөп жатат

Казакстандын жетекчилиги оппозицияны экстремизм боюнча күнөөлөп жатат

Казакстан оппозицияны экстремисттердин катарына кошту жана ММКны көзөмөлдөөгө аракет кылууда

Алма-Ата, Казакстан. Шаршемби күнү Казакстандын прокуратурасы бул мамлекеттеги оппозициялык партиялардын бир катар басылмаларына тыюу сала турганын, анткени алардан экстремизмдин белгилери табылганын билдирди. Бул чаралар Казакстандагы саясий эркиндик менен ММКнын эркиндигин ого бетер чектеши мүмкүн.

Казакстандын Башкы прокуратурасы «Республика» менен «Көз караш» гезиттери ошондой эле «К+» жандоочтук телеканалы өкмөттү кулатууга чакырык таштап жатканын жана башаламандыкка шыкакчылык кылганын билдирди.

Оппозицияга карата мындай катуу чаралар октябрь айында каттоодон өтпөгөн «Алга» партиясынын башчысы Владимир Козловду камакка алгандан кийин көрүлдү. Аны батыштагы мунайчылардын Жаңыөзөн шаарындагы былтыркы тополоңду тутандырууга айыптуу деп табышты. Ошондой эле Казакстандын Башкы прокуратурасы «Алга» жана «Жаңы фронт» партияларынын ишине тыюу салууга аракет кылып жатат.

Катуу чара көргөндөн кийин казак өкмөтү Казакстандагы көз карандылыксыз саясий ишмердүүлүктү басууга үмүт артып жатат. Бул мамлекет мурдагы Советтер Союзундагы өкмөттү жактаган күчтөр башкарган авторитардуу мамлекет болуп эсептелет.

Казакстан ошондой эле Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Борбор Азиянын энергетикалык ресурстарына бай жана чоң мамлекети. Америкалык жана башка эл аралык компаниялар эл аралык коомчулуктун көзүнө заманбап мамлекеттин образында көрүнгүсү келген Казакстанга миллиарддаган доллар жумшашкан. Ошого карабай, Казакстандын 72 жаштагы президенти Нурсултан Назарбаев бул мамлекетти катуу көзөмөлдөөнү улантып келет. Назарбаев бийликке 20 жыл мурун келген.

Былтыркы президенттик шайлоодо Назарбаев жеңишке ээ жетишкен. Ал шайлоочулардын 95 пайыз добушун алган. Бирок эл аралык байкоочулар Назарбаевди сынга алышты. Алар байкоочулар бюллетендерди пачкалап салып жиберүү, шайлоочуларды коркутуу сыяктуу көп сандаган учурларга күбө болушканын жана шайлоодо айкындуулуктун жоктугун белгилешкен.

Казак тергөөчүлөрүнүн айтымында, басылмаларга чектөө киргизүүнүн себеби Козловдун ишине байланыштуу болгон. Козловго каршы коюлган айыптоолор былтыр декабрдын ортосунда Жаңыөзөн шаарында жергиликтүү жашоочулар менен полициянын ортосунда келип чыккан тополоңдон улам эң аз дегенде 14 адам курман болгон кагылышууга байланыштуу тагылды.

«Сот «Алга» жана «Элдик фронт» партияларынын мүчөлөрү Жаңыөзөн шаарында иш таштап жаткан мунайчыларга баракчаларды жана башка басма материалдарды таратышып, ошондой эле социалдык жек көрүүнү пайда кылууга багытталган сөз сүйлөп, бийликти күч менен басып алууга үндөшкөнүн аныктады», - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Британиянын «Solicitors International Human Rights Group» укук коргоо уюмунун шейшемби күнү жарык көргөн баяндамасында «Козловго тагылган айыптоочу өкүм далилденген жок», - деп айтылат.

Топтун маалыматы боюнча, Козловдун ишин караган судьяга саясий кысым көрсөтүлгөн. Жаңыөзөн шаарындагы мунайчылардын демонстрациясы тууралуу айтылган «Республика» гезитинин башкы редакторунун орун басары Оксана Макушина сотко Козловду камайсың деген саясий кысым жасалганын айтты. «Биз каршыбыз», - дейт Макушина. «Мыйзамга жамынып алып, алар биздин гезитти жабышы мүмкүн, бирок биздин оозубузду басып кое албайт», - деп кошумчалады ал.

Өкмөттүн каршылаштарын кысмакка алуу дүйшөмбү күнү «Алга» партиясынын башчысы Козлов анын эркинен ажыратуу мөөнөтү тууралуу чечимди кайра карап чыгууну өтүнгөн соң күтүлүп жаткан кадам болчу.

Ушул аптада Американын «Freedom House» укук коргоо уюму Казакстандын өкмөтүн оппозицияга кысым көрсөтүүдөн баш тартууга үндөдү. «Казакстан Республикасынын өкмөтү мындан аркы репрессияларын токтотушу керек. Эгерде бул өлкөнүн бийлиги саясий атаандаштыкка мүмкүндүк берип, өз жарандарынын негизги укуктарын урматтаса, анда Казакстан чыныгы өнүгүүгө жетише алат», - дейт «Freedom House» уюмунун Евразия боюнча программасынын директору Сьюзан Корке.

Көпчүлүк байкоочулар оппозицияны кысмакка алуу өкмөттүн жек көрүндү душманы жана куугунтукта жүргөн ишкер Мухтар Аблязовго карата кыйыр чабуул болуп эсептелет деп болжоп жатышат. Буга чейин Аблязов оппозициялык партиялар менен ММКны каржылай турганы айтылган. Аблязовго Казакстандын бийлиги «БТА Банктан» миллиарддаган доллар акча уурдап кеткен деген айып тагып, издөө жарыяланган.

Буга чейин ушул айда британ соту Аблязовду түрмөгө камоо тууралуу чечимди күчүндө калтырган. Эске салсак, 2012-жылы 16-февралда Мухтар Аблязовду Лондондун Жогорку соту сотко урмат көрсөтпөгөнү үчүн 22 айга абакка кескен.

Дагы башка сот качып жүргөн Аблязов ага келбей туруп сотко кайрыла алат деген чечим чыгарган. Аблязовдун кайсы жерде жүргөнү белгисиз. Аблязов соттун чечимине макул болгон жок жана бул айыптоо саясий буюртма деп атат.

«Associated Press», 22-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...