Акыркы макалалар

Диний серепчи К.Маликов: «Таблиги жаамат» азырынча Кыргызстандын аймагындагы ИГИЛ идеялогиясына каршы тура алган жалгыз күч

Диний серепчи К.Маликов: «Таблиги жаамат» азырынча Кыргызстандын аймагындагы ИГИЛ идеялогиясына каршы тура алган жалгыз күч

Дин жана укук борборунун жетекчиси Кадыр Маликов «Таблиги жаамат» азырынча Кыргызстандын аймагындагы Ирак Ислам мамлекетинин жана Левантанын (ИГИЛ) идеялогиясына каршы тура алган жалгыз күч деп эсептейт.

Ал бүгүн, 24-сентябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, терроризм менен күрөшүүдө идеология жеңет. «ИГИЛ менен күрөшүүгө аскерий чечим жок. Азырынча Кыргызстандын аймагында ИГИЛ идеологиясына каршы тура алчу күч «Таблиги жаамат», - деди ал.

Анын айтымында, хиджаб кийип жүрүүгө же «Таблиги жааматка» тыюу салуу маселесин көтөрүү сөзсүз түрдө Кыргызстанда жихаттык уюмдарды активдештирет

Чыгыш таануучу Элиана Сатарованын айтымында, Кыргызстандын эсебинен да 3 жыл аралыгында ИГИЛ чоң ылдамдык менен тарап жатат. Расмий маалыматтар боюнча Сирияга согушуу үчүн Кыргызстандын 100 жараны кеткен. Арасында аялдар да бар.

«Такфиризмге каршы чыккан имамдардын, ислам окумуштууларынын жана серепчилердин коопсуздугун мыйзамдык деңгээлде бекитип бериш керек. Реалдуу коркунуч бар», - деди Маликов.

Серепчи сөз акырында, «Ызы-чууга салгым келбейт, бирок Кыргызстанда диний туруксуздук керек болсо кийинки жылдын жазында да болуп кетиши мүмкүн», - деп кошумчалады

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...