Акыркы макалалар

Афганистанда апийим кымбаттады

Афганистанда апийим кымбаттады

Апийимдин кымбатташы Афганистанда апийим айдоонун күчөшүнө себеп болду

«Афганистандагы апийим айдалган жер бештен бир бөлүккө арбыды, анткени Афганистандагы туруксуздук «кара алтындын» баасын көтөрдү », - деп айтылат БУУнун баяндамасында. Быйыл Афганистандагы апийим айдалган жер 20 пайызга көбөйгөн. Бул 2011-жылы апийимдин кымбаттыгына кызыгып калган дыйкандар аны көбүрөөк айдай баштаганына байланыштуу болду.

«Өсүмдүк ылаңдарынан жана жагымсыз аба ырайынан улам дүйнөдө ири «кара алтын» өндүрүүчү болгон Афганистандагы апийимдин түшүмү үчтүн бир бөлүгүнчө азайып кеткен», - деп айтылат БУУнун баңгизаттар тууралуу жылдык баяндамасында. Бирок узак мөөнөттөн алып караганда мындай тартыштык баанын өсүшүнө себеп болот жана мындан ары Афганистандын айдоо жерлерине апийим айдоону күчөтөт.

«Апийимдин кымбаттыгы аны айдоонун масштабын кеңейткен негизги фактор болуп калды» деп айтылат БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын (ЮНОДК) жетекчиси Юрий Федотовдун билдирүүсүндө. Апийим өстүрүүнүн азайганына карабай, быйыл апийимдин баасы былтыркыдай болуп жатат.

Келечекке карата тынчсыздануу жеңил ташылган жана көп жылдар бою сактаганга ылайыктуу болгон апийимдин кымбатташына өбөлгө түздү. Банк системасы чектелүү жана туруксуз Афганистанда апийим көптөгөн дыйкандар менен соодагерлердин негизги киреше булагы болуп калган.

«Эл мурдагыдай эле эртең эмне болуп кетебиз деп камданып бүтпөй жатат, себеби ал өз келечегинин коопсуз болооруна ишенбейт. Акыркы айларда апийимдин кымбатташы байкалган жок, бирок ошондой болсо да анын баасы мурдагыдан эки эсе жогору», - дейт БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын Афганистандагы өкүлү Жан-Люк Лемахью. «Биз акыры быйыл байкалган апийим өндүрүүнүн азайышы, ошондой эле афгандыктардын кызыл кулактык маанайы апийимдин кескин кымбатташына себепчи болуп жана бул өз кезегинде келерки жылы өндүрүштүн көбөйүшүнө стимул болобу деп кабатырланып жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Быйыл былтыркыдай эле Афганистандагы провинциялардын жарымына жакынына апийим айдалды, кызгалдак себилген айыл чарба жерлеринин саны беш жыл мурда байкалган деңгээлге жетти. Бул жылы афган дыйкандары бир килограмм кургак апийимди 200 долларга сатышты - бул полициянын бир айлык эмгек акысынан көп.

Афганистанда апийим айдоонун көбөйүшү баңгизат соодасы менен күрөшө турган уюмдар үчүн жаман кабар болду, анткени баңгизатты сатуудан түшкөн акча талибдердин чөнтөгүнө кетет, афган өкмөтүндөгү аралаш коррупцияны тоюндурат жана анын мыйзамдуулугуна доо кетирет.

Апийм өндүрүшүнүн Афганистандын коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар, себеби көпчүлүк кызгалдак талаалары иш жүзүндө таптакыр мамлекеттик көзөмөл жок, уюшкан кылмыштуулук менен зомбулук абдан эле чектен ашкан Афганистандын түштүк жана батыш райондорунда жайгашкан. Түшүмдүн басымдуу бөлүгү учурда британ аскерлери көзөмөл кылган Гильменд провинциясында айдалган.

Афган өкмөтү дыйкандарга субсидияларды берип, кызгалдак талааларын жок кыла баштады. Бул аракеттерден улам афган өкмөтү Гильменддин суу баскан жогорку түшүмдүү жерлеринде жашаган дыйкандарды азык-түлүк өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ынандыра алды. Бирок ал провинциянын жеринин ири бөлүгүнө мурдагыдай эле апийим айдалган. 2011-жылы кызгалдакты мынчалык көп айдоо байкалган эмес.

Быйыл Афганистандагы бийлик 2011-жылга караганда эки эсе көп апийим талааларын жок кылды. Бирок жалпы мамлекеттик масштабда афган бийлигинин апийим талааларын жок кылуу боюнча аракети 6%ды гана түздү.

Лемахью дыйкандар баңгизат айдоону жана сатууну токтотуш үчүн, ал эми Афганистандын экономикасы баңгизаттарды сатуудан түшкөн акчанын эсебинен иштебеши үчүн убакыт керек экенин айтты. Анын айтымында, ал тургай афган өкмөтүнүн апийим талааларын азайтуу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасашы үчүн дагы кандайдыр бир убакыт талап кылынат.

«Чыны менен биз тынчсызданып жатабызбы? Албетте. Коркуп жатабызбы? Жок, анткени биз бул кооптуу цифралар өкмөт үчүн дагы бир стимул берерине үмүттөнөбүз жана эмне жасалышы керек экенин билебиз», - деп айтты ал «Guardian» менен болгон маегинде. «Биз баңгизаттардын жайылышын көзөмөлдөө мурдагыдай эле анчалык маанилүү маселе катары каралып жатпаганын далилдей алдык», - деп белгиледи ал.

«Кескин өзгөртүүлөрдү өкмөттү же болбосо өлкөнүн экономикасын жарга такабагандай кылып туруп ишке ашырууга аракет кылыш керек. Мындай кылууга толук мүмкүндүк бар, бирок убакыт зарыл», - деп тастыктайт Лемахью.

Эмма Грэм-Харрисон

«Guardian», 21-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...