Акыркы макалалар

Муфтий жана казылар иш сапары менен Нарында болушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 21-22-сентябрь күндөрү иш сапары менен Нарын шаарында болду. Зыяраттын алкагында ал 21-сентябрда Нарын казыятын, казыяттын алдындагы Нарын медресесин кыдырып, казыят кызматкерлери, медресе окуучулары менен кездешип, бардык казылар менен биргеликте Нарын шаарынын борбордук “Азрети Али” мечитинде жалпы жамаат менен жолугушуп, учурдагы диний кырдаал, дин жаатында болуп жаткан жетишкендиктер жана кендирди кескен кемчиликтер, көйгөйлөр тууралуу маалымат берип, элдин суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Муфтий менен кошо 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын казылары да Нарында болушту. Азрети муфтий бардык казылар менен кезектеги жыйынын Нарын казыятында кылып, учурда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу сөз болду.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...