Акыркы макалалар

Азербайжан ЭКУнун төрагасы болду

Азербайжан ЭКУнун төрагасы болду

ЭКУнун саммити эч кандай өзгөрүүлөрдү алып келбейт

Өткөн айда Бакуда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) XII жыйыны болду. Иш-чарага Азербайжан, Иран, Пакистан, Афганистан, Тажикстандын президенттери, ошону менен катар Түркиянын өкмөт башчысы катышты. ЭКУ 1985-жылы Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн аймактык, мамлекет аралык экономикалык уюм катары түзүлгөн. 1992-жылы ЭКУга дагы башка жети мамлекет: Казакстан, Азербайжан, Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кошулган. ЭКУга мүчө болгон мамлекеттердин жыйыны эки жылда бир өткөрүлөт.

Жыйындын маалында анын катышуучулары кеңири тармактагы, анын ичинде аймактык экономикалык мамилелер, транспорт, айыл чарбасы, энергетика жана айлана-чөйрө тууралуу маселелерди талкуулашты. Уюштуруучу өлкөнүн президенти, ошондой эле уюмдун кезектеги төрагасы Ильхам Алиев ЭКУдагы Азербайжандын ишмердүүлүгүнүн маанисин баса белгиледи. Президент Алиев Азербайжандын аймагындагы армян оккупациясы, мындан тышкары 1992-жылы 25-26-февралда болгон Ходжалидеги кандуу кагылышты айтып өттү.

Мындан тышкары президент уюмдун мүчөлөрүн бириктире турган жана курулушу аяктоо алдында турган «Баку-Тбилиси-Карс» темир жолунун курулушун белгиледи. Алиев уюмдун мындан аркы өнүгүшүнөн көптү үмүттөнгөнүн айтты. «Уюмдун мүчөсү катары келерки эки жылда биздин баалуулуктарбызды активдүү жайылтууга, шериктештикти чындоого жана өз ара соодага жетиш үчүн Азербайжан колунан келгендин баарын жасайт», - деп белгиледи ал.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, ЭКУнун өлкөлөрү 2015-жылга карата эркин соода аймагын түзүш үчүн өз мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстарын пайдаланууга тийиш. Түркиянын салттуу каршылашы болгон Иран форумду Иран Республикасына карата салынган эл аралык санкциянын тескери таасирлерин токтотуш үчүн пайдаланууга аракет кылып көрдү. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад жыйындын катышуучуларын бартер менен улуттук валюталарды соодага колдонууга чакырып өттү, бирок буга клубдун башка мүчөлөрү тараптан эч кандай реакция пайда болгон жок.

Президенттер Алиев менен Ахмадинежад саммиттин алкагында жолугушканын эскерте кетсек болот. Жолугушуунун маалында эки тарап мамилелердин азыркы деңгээлине канааттанганын билдиришти жана «эки мамлекеттин ортосундагы жакшы алакалар аймактык кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө мүмкүндүк түзөт» деп үмүт артышты.

«Иран менен Азербайжан – бир тууган мамлекеттер жана биздин душмандардын эч кандай үгүтү биздин мамилелерди бузуп же зыян келтире албайт», - деп айтты Ахмадинежад. Өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык тууралуу айткан Иран президенти Азербайжан менен Ирандын душмандары бул мамлекеттердин прогрессин көрө албай, аларды алсыратыш үчүн мүмкүндүктөрдү издеп жатканын белгиледи.

ЭКУнун башка мүчөлөрү да өз программаларын таңуулоого аракет кылып көрүштү. Тажикстан менен Афганистандын президенттери Эмомали Рахмон менен Хамид Карзай Кытайдан чыгып Кыргызстан, Тажикстан менен Афганистан аркылуу өтүп, Иранга келе турган темир жолдун курулушу, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын бериш үчүн энергосистемалардын курулушу жөнүндө жаңы аймактык инфраструктуралык долбоорлорду демилге көтөрүүгө аракет кылышты. Тажикстандын президенти тарабынан сунушталган экинчи долбоор анча деле колдоого ээ болгон жок. Өлкө президенттери болгону өз тилектерин гана айтышты.

Азербайжанда болгон саммиттин жана кезектеги төраганы шайлоонун алдында жергиликтүү талдоочулар кандайдыр бир деңгээлде оптимисттик ойлорун айтышты. Саясат таануучу Парвин Дарабади «Азербайжандын ЭКУда өкүлчүлүк кылышы Баку эл аралык иштерге катышып жатканынын так мисалы боло алат», - деп билдирди. «ЭКУга төрагалык кылуу менен Азербайжан өзүнүн экономикалык мүмкүндүгүн аймактагы өлкөлөр менен байланыштарды чындаш үчүн колдонуу артыкчылыгына ээ болот», - дейт ал.

Бирок экономист Огтай Ахвердиев «ЭКУ азырынча функционалдык уюм боло элек жана иш жүзүндөгүгө караганда символикалык мааниси көбүрөөк» деп эсептейт. Баку буга окшогон жолугушуулардан же болбосо уюмдан кандайдыр бир маанилүү нерсе күтпөй деле койсо болот. Чындыганда ЭКУ мамлекеттери боюнча статистикалык маалыматтар уюмду бийик дымактуу кылып көрсөтө албай турат.

Жалпы аймагы 7 млн. чарчы чакырымды түзгөн жана 300 млн. калкы бар ЭКУнун курамына кирген мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү дүйнөлүк экономикалык өндүрүштүн болгону 2,4% түзөт жана 1,7 трлн. АКШ долларына барабар. Жалпысынан ЭКУнун өлкөлөрүнүн товар айлануусу 768 млрд. долларга жакын, бул көп тараптуу дүйнөлүк товар жүгүртүүнүн 2%нан аз. ЭКУнун өлкөлөрүнүн калк башына эсептелген кирешеси 4 миң АКШ долларына араң жетет.

Ал арада уюмга кирген көптөгөн өлкөлөр ага чоң үмүт деле артпайт. Бул Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн ордуна транспорт жана коммуникация министрин жөнөтүп, буга окшогон аймактык жолугушууга келбей койгонунан өзгөчө байкалат.

ЭКУнун дагы башка бир катышуучусу болгон Өзбекстандын президенти Ислам Каримов саммит өткөнгө чейин бир нече күн мурда Бакуда болуп, азербайжандык кесиптеши менен сүйлөшүү жүргүзгөнүнө карабай, жыйынды четке каккан. Тараптар Борбор Азия менен Европаны байланыштыра турган транспорттук байланыштар менен кызматташтыкты талкууга алышты. Каримов көп тараптуу эмес, эки тараптуу мамилелерди жактыра турганын көрсөтүп, жыйынга калбай койду.

Жалпысынан саммит ЭКУнун мүчөлөрүнүн алар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыш үчүн карама-каршы кызыкчылыктары бар экенин көрсөтүп койду. Анан калса ЭКУнун алкагында биргелешкен экономикалык долбоорлордун жоктугу бул уюмду натыйжасыз жана башаламан кылууда.

Ошого карабай, Азербайжандын кезектеги төрагалыгы өлкөгө экономикалык пайда алып келбесе дагы, Бакунун эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрөт окшоп калды.

Анар Валиев

«Asia Times», 16-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...