Акыркы макалалар

Россия чыккынчылык тууралуу мыйзамдарды күчөтүп жатат

Россия чыккынчылык тууралуу мыйзамдарды күчөтүп жатат

Россиянын чыккынчылык жөнүндөгү жаңы мыйзамы боюнча сын айткандар 20 жылга темир тор артына камалышы мүмкүн

Москва. «Кремль өлкөдөгү башкача ойлонууну муунтканга аракет кылып жатат» деген бардык коркунучтардан тышкары, бир аз мурда РФнын Мамлекеттик Думасы мамлекеттик чыккынчылык түшүнүгүн кеңейткен жаңы мыйзамды кабыл алды. Сынчылардын айтымында, эми кайсы гана россиялык болбосун мамлекеттин чыккынчысы саналып калышы толук мүмкүн.

Мыйзам шаршемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин адам укуктары боюнча Консультациялык кеңешке чыккынчылык тууралуу мыйзамды карап чыгууга даяр экенин билдирген соң күчүнө кирди.

Шаршемби күнү Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин мыйзам иштей баштаган маалда укуктар менен эркиндиктерди чектеген айрым маселелер жана өңүттөр табыла турган болсо чыккынчылык жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга даяр экенин кабарлады.

Түшүнүксүз болгон жери - Путиндин көз карашы боюнча эмне маселе жараткан нерсе делип эсептелиши мүмкүн ? Анын каршылаштары «май айында Путин Кремлге кайтып келгенден кийин диссиденттерди басууга жана коркутууга багытталган жаңы мыйзамдар кабыл алына баштады» деп жатышат.

Буга чейин РФнын Мамлекеттик Думасы санкция алынбаган митингдерге катышканы үчүн айыппулду көбөйткөн мыйзам кабыл алган. Ошондой эле өкмөтөн эркин уюмдарды каттоону тескей турган жана эгерде алар чет өлкөдөн акча алып, ошондой эле саясий иштерге катышып жатса, ал уюмдарды автоматтык түрдө «чет элдик тыңчы» дегенге кошуп кое турган мыйзам кабыл алынган. РФнын Мамлекеттик Думасынан колдоо тапкан дагы бир мыйзам орус бийлигине кеңири ыйгарым укуктары берген, эми бийлик веб-сайттарды жөн гана жаап кое алат. Сынчылардын айтымында, бул мыйзамдан улам Россиянын бийлиги ыплас оюн жүргүзүү мүмкүндүгүнө ээ болду.

Былтыр декабрь айында болгон парламенттик шайлоо бурмаланды деп аталган жана нааразылык акцияларын толкунуна себеп болгон. Айрым демонстранцияларда катышуучулардын саны 100 миң адамга чейин жеткен. Путин эмнеси болсо да март айында болгон президенттик шайлоодо утуп чыкты. Нааразылык акциясынын катышуучулары анын Россиядагы таасирдүү адам деп саналган кадыр-баркына доо кетирүүгө аракет кылышкан жана туруктуулук менен өнүгүүгө чакырышкан.

Жаңы мыйзам боюнча мамлекеттик жашыруун сыр деп эсептелген тыюу салынган маалыматты билген кайсы гана адам болбосун - мейли ал саясатчы, журналист, эколог же профсоюз уюмунун башчысы болобу - тыңчылык кылганы үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейинки мыйзамда мамлекетке чыккынчылык кылуу катары тыңчылык, же болбосо Россиянын тышкы коопсуздугуна залал келтирген чет мамлекеттен алган кандайдыр бир жардам эсептелип келсе, жаңы мыйзам «тышкы» деген сөз жазылбай калган аныктаманы кеңейтти. Жаңы мыйзамга толукталган мыйзамсыз иштердин түрлөрүнө чет мамлекеттерге жардам же кеңеш берүү, же болбосо эл аралык жана чет элдик уюмдарга маалымат берүү деген беренелер дагы камтылган.

Жаңы мыйзамдын аныктамасы ушунчалык кеңири болгондуктан, укук коргоочулдардын пикиринде ал жолтоо болуп жаткан тарапты жок кылыш үчүн колдонулушу да ажеп эмес.

«Мен жаңы мыйзам абдан коркунучтуу деп эсептейм», - деп айтты Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Лилия Шибанова. Ал мындан тышкары шайлоонун жүрүшүнө көз салган Россиядагы жалгыз уюму болуп эсептелген «Добуш» уюмун жетектейт. «Мисалы, мен чет элдик журналисттерге шайлоо маалында байкалган тартип бузуу тууралуу маалымат берсем, бул тыңчылык катары эсептелиниши мүмкүн», - дейт ал.

«Жаңы мыйзамдын алкагы абдан кеңири жана коркунучтуу болуп калды», - дейт «Associated Press» булагы менен болгон маегинде «Хьюман Райтс Вотч» эл аралык уюмунун Борбор Азия жана Европа боюнча жетекчисинин орун басары Рейчел Денбер. Ал «Россиянын жетекчилиги мыйзамды иш жүзүнө кантип ашыра турганы белгисиз» дейт. Денбер ошондой эле «жаңы мыйзам чет элдиктер тууралуу ашыкча эле коркуу, шектенүү менен тынчсыздануу сезимдерин жаратат» деп белгилейт.

Путин бир нече жолу оппозициянын башчыларын «Батыштын тактекелери» деп атаган жана бир жолу АКШнын мамлекетти катчысы Хиллари Клинтонду «Россияны алсыратуу максатында наарызылык акциясын тутантып жатат» деп айыптаган.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) тарабынан сунушталган мыйзамда жогоруда сөз болгондордон тышкары, эгер маалымат чет элдиктин колуна берилбеген күндө да, мамлекеттик сырды мыйзамсыз билген адамды 8 жылга эркинен ажыратуу жагы да каралган.

Өз билдирүүсүндө ФКК «жаңы мыйзам конфиденциалдуу, жашыруун маалыматты эң мыкты коргой алат» деп түшүндүрдү. ФККнын өкүлдөрүнүн айтымында, 1960-жылдарда кабыл алынган эски мыйзам чет элдик тыңчылардан натыйжалуу коргой алган эмес.

«Чет элдик атайын кызматтардын тактикасы менен ыкмалары өзгөрдү. Алар кылдатыраак болуп калышты жана мыйзамдуу аракеттенип жаткандай түр көрсөтүшөт. Мыйзамды кабыл алуу менен тыңчылык маниясынын кайра жаралышы тууралуу айтылган кептер куру сөз жана болгону эмоцияга гана негизделген», - деп айтылат ФККнын билдирүүсүндө.

Дүйшөмбү күнү РФнын Конституциялык сотунун мурдагы соттоочусу Тамара Морщакова Адам укуктары боюнча президенттик кеңештин жыйынында «жаңы мыйзам ушунчалык баарын камтып калгандыктан, ФКК шектелип жаткан адамдын өлкөнүн коопсуздугуна келтирген чыгымын факты жүзүндө аныктоосуна деле зарылдык болбой калат» деп айтты.

«Алардын максаты жөпжөнөкөй: бизде бир нече чыккынчы бар жана айыпты далилдеш кыйын, дал ошондуктан эски мыйзамдын алкагын кеңейтүү зарыл болду», - дейт Морщакова. «Эми алар кайсы бир нерсени далилдешинин кереги жок, эми укук коргоо органдарынын пикири жетиштүү болот».

Каралып жаткан мыйзам биринчи жолу 2008-жылы РФнын Мамлекеттик Думасына кароого берилген. Мыйзам коомдук сынга кабылгандан кийин Россиянын президенти Дмитрии Медведев токтоосуз түрдө мыйзамды карап чыгууну кийинкиге жылдырган.

Азыркы учурда Медведев өлкөнүн өкмөт башчысы кызматын аткарып жатат. Көпчүлүк баяндамачылар аны «реформачыл жана ийкемдүү киши» деп эсептешет, бирок Путин андай эмес. Медведев Россиянын президенти болуп кызматка келген кезде көпчүлүк элде Россия Путин карманган бийликчил саясаттын багытын өзгөртөбү деген үмүт пайда болгон. Бирок Медведев салыштырмалуу алсыз башчы болду жана Путинге орун бошотуш үчүн четке чыга берди.

«Азыркы учурда мурдагы коркунуч сезимин түзүүгө толгон-токой аракеттер жасалып жатат», - дейт Денбер. «Жаңы мыйзам, кыязы, элди нааразылык акцияларына кошулуп кетишине бөгөт коюуга багытталган окшойт. Россиянын жетекчилиги мыйзамды жалгыз эле бир максатта - нааразылык акцияларынын кайталанышына жол бербеш үчүн жана балээ баштаган демонстранттарга кошулган кайсыл гана адамды болобу же уюмду болбосун токтотуш үчүн кабыл алып жатат».

Быйыл кабыл алынган катаал чаралардан тышкары октябрда Москвада жыйырма жылдан бери Россияда иштеп келе жаткан Американын Эл аралык өнүгүү агенттиги өз ишин токтотту. Россиянын бийлиги «Агенттик Россиядагы шайлоонун жүрүшүнө таасир этиш үчүн өз акчасын колдонгон» деп билдирди. Бирок АКШ Россиянын дооматын четке какты.

Денбер бир аз мурда Россиянын Сибирдеги губернияларынын бирине барганда анын уюму кайсы бир касташууну сезгенин айтты. Жергиликтүү аткаминерлер уюмду ким чакырганын, иш сапары үчүн ким акча төлөгөнүн жана топко байланышкан жергиликтүү кишилердин атын айтууну талап кылышкан. «Биз башка мезгилге түшүп калгандай эле сезим пайда болду», - дейт ал.

Владимир Исаченков

«Associated Press», 15-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...