Акыркы макалалар

Азия оюндары: Дарья Таланова сууда сүзүү боюнча онунчу орунду алды

Азия оюндары: Дарья Таланова сууда сүзүү боюнча онунчу орунду алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Дарья Таланова Инчхондогу Азия оюндарындагы экинчи мелдешине катышты.

Экинчи күндө Таланова өзүнүн күчүн брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп сынады.

Алдын ала өткөн жарышта өзүнүн группасында кыргызстандык сүзүүчү 2 мүнөт 38,20 секунд натыйжасы менен финишке бешинчи болуп келген. Бирок бул натыйжа финалдык жарышка катышуу үчүн жетишсиз болуп калды. Жыйынтыгында Таланова 10-орунду ээледи.

Алтын менен күмүштү япон спортчулар алса, коло байгени кытайдын өкүлү илип кетти.

Эске салсак, Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын атынан бир эле спортчу Дарья Таланова катышып жатат. Ал 100, 200 жана 50 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүү мелдештерине чыгууда.

Айымдардын 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү мелдеши 25-сентябрда өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...