Акыркы макалалар

Б.Мамырова:«Жаратылыш беренелерин сактоо жалпы адамзатка тиешелүү милдет болуп саналат»

Кыргызстан климаттын өзгөрүшү, экологиялык абалды сактоо, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында узак жылдардан бери көптөгөн өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары иш алпарып келет. Ушундай биргелешкен жакын санаалаштык мамилелер гана көйгөйлүү маселелердин түйүнүн чече алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова бүгүн, 23-сентябрда, “Евробирлик менен Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү жаатындагы илимий-технологиялык кызматташтыгы” аталышында эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Ошону менен бирге, вице-спикер дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда экологиялык абалдын, таза башаты болуп саналган мөңгүлөрдү сактоо маселелери курч турганын баса белгиледи. “Бул иш-чара адистер менен окумуштуулардын, коомдук ишмерлер менен эл аралык эксперттердин башын кошуп жатканы менен баалуу. Биз алардын климаттын өзгөрүшү жаатындагы пикирлери менен сунуштарын эске алып, ошого жараша чараларды көрүүгө тийишпиз. Жаратылыш беренелерин сактоо, коргоо, өөрчүтүү жалпы адамзатка тиешелүү милдет болуп саналат», - дейт Б.Мамырова.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...