Акыркы макалалар

АКШ ААКнын полковнигинин «Манас» аба базасы тууралуу маеги

АКШ ААКнын полковнигинин «Манас» аба базасы тууралуу маеги

«Кыргызстандын жарандары АКШнын базасына көнүп калышты», - дейт АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн (ААК) полковниги

Редактордун эскертүүсү: 2014-жылы Кыргызстандагы америкалык аскер базасы аскердик эмес жүктөр үчүн борбор болуп калышы мүмкүн экенин 2-апрелде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирген.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан эл аралык «Манас» аэропортунун аймагындагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2001-жылдын декабрь айынан тартып иштей баштаган. Американын «Манас» аба базасы Афганистандагы аскердик операцияларга колдоо көрсөтүү максатында пайдаланылат. Азыркы учурда «Манас» аба базасында 1500дөй америкалык аскер кызматчылары менен жарандык персоналдын кызматкерлери бар. Ошондой эле базада 700гө жакын кыргыз иш аткаруучулары иштейт.

28-сентябрда «Global Times» (GT) Бишкектеги Транзиттик жүк ташуу борборунун башчысы полковник Кори Дж. Мартин (КМ) менен «Манас» аба базасынын келечеги тууралуу көз карашы жана жергиликтүү жашоочулардын Американын аскер базасына карата мамилеси жөнүндө маектешкен.

GT: 2014-жылы Транзиттик жүк ташуу борборунун база жөнүндө келишиминин ижара мөөнөтү аяктагандан кийин эмне болот?

КМ: Мен транзиттик борбордун эмне болоорун болжолдоп айта албайм, анткени бул маселе АКШ менен Кыргызстандын ортосунда дагы эле макулдашыла элек. Ошого карабай биз азырынча транзиттик борбордо туруп жаткандан кийин, буга чейин аткарып жаткан иштерибизди аткара бермекчибиз.

GT: Транзиттик борбордун иши эмнеге негизделген?

CM: Биринчиден, биз абадан май куябыз. Биздин күйүүчү май куюлган учактар Афганистанга учат жана учуу маалында башка учактарды күйүүчү отун менен камсыздайт. Биз америкалык жана НАТОнун учактарынын отун запастарын толтурабыз.

Экинчиден, аба базасынын кызматкерлери америкалык аскерлерди, ошондой эле «Манаска» келип даярдыктан өтүп, андан соң АКШнын учактары менен Афганистанга уча турган башка мамлекеттердин аскер кызматчыларын «Фронт алдындагы» машыктыруудан өткөрүү менен иш алып барат. Аскерлер Афганистандан кайтып келишкенден кийин алар өз өлкөсүнө «Манас» аэропорту аркылуу кетишет. Мындайча айтканда биз Афганистанга барчу жана кайтып келчү дарбазабыз десек болот.

Үчүнчүдөн, биз Кыргызстан менен коопсуздук тармагында кызматташабыз. Биздин кызматташтыктын көп бөлүгү гуманитардык жардам берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, жергиликтүү мектептер менен бейтапканаларга жардам берүүгө багытталган. Мындан тышкары биз жергиликтүү куралдуу күчтөр менен иш алып барабыз.

GT: Биз «Манас» аэропортунан көп сандаган америкалык аскер учактары учуп-конооруна күбө болдук. Катардагы жарандар америкалык аскерлер колдонуп жаткан аэропорттун кызматынан пайдалануудан коркот деп ойлойсузбу?

КМ: Мен кыргыз жарандары бул тууралуу тынчсызданганын уга элекмин. Биз Кыргыз Республикасы менен он жылдан ашык иштешип келатабыз. Мен эл өлкөнүн аймагындагы жана «Манас» аэропортундагы америкалык аскерлерге көнүп калышты деп ойлойм.

«Globaltimes.cn», 28-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...