Акыркы макалалар

Кадамжай районунда жаңы орто мектеп пайдаланууга берилди

Баткен областынын Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Ак-Тилек айылында 2014-жылдын 19-сентябрында 150 орундуу толук эмес орто мектептин курулушу бүткөрүлүп, мектептин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу “Респулика” фракциясынын катчылыгы билдирди.

Ачылыш аземге Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова, «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Мадумаров, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарынын башчылары, мектеп директорлору, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер, айылдык кенештин депутаттары, айылдын тургундары катышты.

Салтанатта мектепти ачуу лентасы кесилип, куттуктоо сөздөрү айтылып, окуучулардын чакан өздүк көркөм чыгармачыл тобунун концерти уюштурулду. Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин депутаттары Ч.Султанбекованын эмгегин сыйлашып, мектепке Жогорку Кенешинин депутаты маркум Баяман Эркинбаевдин ысымын ыйгарышты.

Мектеп заманбап парта, доскалар менен фонддун эсебинен жабдылды. Бүгүнкү күндө мектеп 2 сменада иштеп, 280 окуучу билим алууда. Бул саамалык Бүткүл дүйнөлүк «Human Apple International» кайрымдуулук фондунун Бишкектеги филиалынын директору Али Айоубдун каржылоосунда өткөрүлдү.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...