Акыркы макалалар

Американын истеблишменти мамлекеттик катчынын кызматына талапкерлерди караштырып жатат

Американын истеблишменти мамлекеттик катчынын кызматына талапкерлерди караштырып жатат

АКШнын кезектеги мамлекеттик катчысы ким болот?

Хиллари Клинтон 2013-жылы кызматынан кетерин эске алганда, Вашингтондо бардык жерде кезектеги мамлекеттик катчы ким болот деген божомолдорду айтып жатышат. Эл аралык мамилелер боюнча сенаттык комитеттин төрагасы Джон Керри менен БУУдагы АКШнын элчиси Сьюзан Райс айдан ачык талапкерлер болуп эсептелет, бирок «улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Том Донилондун талапкерлиги дагы каралып жатат» деген айың кептер жүрүүдө.

Буга чейин интрига администрациянын айрым кызматкерлеринин жана кыязы, өзүнүн талапкерлеринин айланасына коалиция түзүп жаткан демократтардын өкүлдөрүнүн жашыруун күбүр-шыбыр кептери менен негизделип келген. Жагдай менен тааныштыгы бар жашыруун бир маалымат булагунын айтымында, Обаманын шайлоо алдындагы өнөктүгүндө иштеген Керринин мамкатчы болуп шайлануу мүмкүндүгү көп.

«Керри бул жолу абдан активдүү болду. Ал ушуну каалады окшойт, көп жолу маек курду. Эгерде Хиллари баш тарта турган болсо, ал макул болушу ыктымал деген божомол бар», - дейт маалымат булагы Хиллари жакында кетерин белгилеп. Лесли Гельб, маалыматка ээ болгон адамдарга шилтеме кылып, апрель айында «Керри чоң тажрыйбага ээ болгондуктан жана саясий багытты иштеп чыгуу процессине баарынан аз аралашканы үчүн ушул кызматка келиши мүмкүн», - деп «Newsweek» басылмасына билдирген.( Ал ошондой эле Райс менен Донилон тууралуу да божомолдорду айткан).

Мамлекеттик департаменттин дагы бир атын жашырган жогорку даражалуу аткаминери Керри Мамлекеттик департаменттеги «формалдуу эмес маектерде» алдынкы орунда тураарын айтты. «Ал эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы катары барган иш сапарларды эске алганда, көп адамдар аны абдан эле жакшы таанышат жана жогору баалашат. Дал ошондуктан мен ошону тандашат го деп ойлоп турам», - деди аткаминер «Boston Globe» басылмасына.

Бирок президентке жакын болгондордун баары Райсты «мамкатчы болот» деп белгилеп жатышат. «Politico» басылмасы «Обаманын айланасына жакын кишилер мамлекеттик катчы Сьюзан Райс болоорун айтып жатат» деген аткаминердин сөзүн жазды. «Эгерде Обама аны катчы кылгысы келсе катчы кылып коет». АКШнын БУУдагы элчиси балким ал жекшемби күнү болгон ток-шоуга катышып, АКШ администрациясынын 11-сентябрда Бенгазиге жасаган чабуулу тууралуу айтып, ал акыры такталбаган болуп чыкканга чейин бул кызмат үчүн алдыңкы сапта келе жаткан талапкер болчу. Эми айрым демократтар талапкерди кызматка бекитүү боюнча Сенатта боло турган уктуруу маалында ага кыйын суроолорду беришеби деп кооптонуп жатышат.

Дагы бир кеңешчи «New York Times» гезитине Райстын позициясы Бенгазидеги утулуштан кийин начарлап калганы тууралуу айтты. Бир аз мурда «Райстын бул кызматка бекиши таптакыр мүмкүн эмес» деп айткан сенатор Линдсей Грэхэмдин комментарийи ого бетер бүйүрдү кызытты.

Керринин мүмкүндүктөрүн дагы карап көрүшмөкчү, анткени анын эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагалык кызматына ким келет деген суроолор бар. Керринин кызматтан кетиши Массачусетсте атайын шайлоо өткөрүүгө түрткү берет жана бир аз мурда жеңилип калган республикачы Скотт Браун үчүн жол ачат. Мунун менен Сенатта 53 демократ, же болбосо көз карандылыксыз Ангус Кинг демократтар менен болгусу келсе 54 демократ калмакчы.

Керринин Райска жол бошото турган дагы бир себеби - анын мурдагы кеңешчилеринин айрымдары, анын ичинде Мамлекеттик департаменттин улук экономисти Хейди Кребо-Редикер менен ЮСАИДдин офисинин саясат маселелери боюнча директору Стивен Фельдштейндин администрацияда иштеп жаткандыгы. Бирок бул факт кандай мааниге ээ экени азырынча так эмес.

Жана акырында абдан эле күтүлбөгөн жери - Керрини кыязы, орустар колдойт окшойт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинен белгисиз маалымат булагы «Коммерсант» басылмасына Москва Массачусетстин губернаторун жактыра турганын айткан. Булактын айтымында, Райсты «өтө эле дымактуу жана агрессивдүү» деп эсептешет жана бул Москва менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык мамилелерге кыйындык жаратышы мүмкүн. Россиянын колдоосун Массачусетстин губернатору канчалык деңгээлде кабыл алаары - азырынча жообу жок суроо.

Керри өз кезегинде июнь айында «Boston Globe» басылмасына: «Комитеттин төрагасы жана сенатору катары мен өзүмдүн сүйүктүү ишимди иштеп жатам. Мен эки кызматта тең көжөлө эмгектенип жана 2014-жылы кайрадан шайланууга даярданып жатам», - деген.

Тай Маккормик

«Foreign Policy», 8-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : www.inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...