Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунда буудай, арпанын 1 килосу 15 сомдон сатылууда

Ак-Талаа районунда буудай, арпанын 1 килосу 15 сомдон сатылууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы борбордук базарына Терек айыл аймагынын дыйкандары айдап, өстүргөн буудай жана арпа данын 1 килосун 15 сомдон сатышууда. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Арпа, буудайын базарга алып чыгып сатып жаткан Жээринчиев Ильяз 3 гектар жерге буудай айдаган. Бирок быйыл жаратылыш кургакчыл болгондуктан, түшүм 10 пайыздан гана айланып калып, кеткен чыгымдарын гана жапкандыгын, жума сайын базарга арпа, буудай алып чыгып, 3-4 кап сатаарын билдирген.

Ал эми, ошол эле Терек айылынын дыйканы Көбөшов Амандил буудайдын «Дордой-16» сортунан 4,5 гектар айдап, түшүмү 20 пайыздан айлагандыгын, бул буудай таза, дандуу, салмактуу экендигин белгиледи.

Бул эки дыйкан бир базарда 400-500 кг арпа, буудай сатышат.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...